Бүгүн, 3-июнда эртең менен саат 6да Корея Республикасы боюнча шайлоо участкалары ачылып, 21-кезексиз президенттик шайлоого добуш берүү башталды.
Reuters агенттиги маалымдагандай, өлкө боюнча 14 миң 295 шайлоо участогу иштеп, жарандар саат 20:00гө чейин добуш бере алышат. Шайлоо участкалары жабылгандан кийин акыркы жыйынтыктар эртеси эртең менен белгилүү болот деп күтүлүүдө.
Бюллетенде беш талапкердин ысымдары көрсөтүлгөнү менен, эксперттер жана шайлоо кампаниясынын катышуучулары негизги күрөш үч талапкердин ортосунда жүрүп жатканын белгилешет, алардын ичинен экөөнүн гана жеңишке мүмкүнчүлүгү жогору.
Башкы фаворит — 61 жаштагы Ли Чжэ Мён, оппозициялык “Тобуро” Демократиялык партиясынын өкүлү. Ал өзүнүн кампаниясында социалдык адилеттүүлүккө жана тышкы саясаттагы прагматизмге басым жасоодо.
Анын негизги атаандашы — 73 жаштагы мурдагы министр Ким Мун Су, башкаруучу консервативдик “Элдин күчү” партиясынын талапкери, ал салттуу баалуулуктарды жана коопсуздукту бекемдөөнү колдойт.
Үчүнчү көрүнүктүү талапкер — 40 жаштагы Ли Чжун Сок, жаш саясатчы, интернет аудиториясына жана жаштардын колдоосуна таянат.
Кореядагы шайлоо коомдук бөлүнүүнүн жана саясий туруксуздуктун шартында өтүп жатат, бул алты айдан бери уланып келет. Өлкө мурдагы президент Юн Сок Ёль 2024-жылдын декабрында аскердик абал киргизүүгө аракет кылгандан кийин болгон окуялардан алигиче калыбына келе элек. Бул олуттуу саясий кризиске алып келип, Юнга импичмент жарыяланды жана натыйжада президенттик шайлоолор мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүүдө.
29-30-майда өткөн алдын ала добуш берүү жарандык активдүүлүктүн жогорку деңгээлин көрсөттү — добуш берүүгө укуктуу 44,4 миллион адамдын ичинен 34%дан ашыгы же 15 миллиондон ашык адам өз укугун пайдаланды. Жаңы президент беш жылдык мөөнөткө шайланат жана кайра шайланууга укугу жок. Ал 4-июнда кызматка киришет.
Сурамжылоолордун акыркы маалыматтарына ылайык, оппозициялык талапкер Ли Чжэ Мён шайлоонун башынан бери негизги талапкер бойдон калууда. Бирок анын башкы атаандашы — консерватор Ким Мун Су рейтингдердеги айырманы кыскартууда, бул шайлоого кошумча интрига кошууда.
Бюллетендерди кол менен саноо шайлоо тилкелери жабылгандан кийин жарым сааттан кийин башталып, 4-июнда таңкы саат 6га чейин аякташы күтүлүүдө.
Шайлоо участокторуна коопсуздукту камсыз кылууга 29 миңге жакын полиция кызматкерлери жайгаштырылган.

















