Борбор калаада 1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата V Эл аралык “Nariste 2025” балдардын фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы өттү. Ага ондон ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышып, улуттук ыр-бийлерин тартуулашты.
Иш-чарага шаар мэри Айбек Жунушалиев, Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча комиссары Асел Чынбаева, Венгриянын CIOFFунун президенти, Балдардын фольклордук фестивалдары жана балдар фестивалдары боюнча CIOFF Бүткүл дүйнөлүк комиссиясынын төрагасы Йозеф Стигетвари катышты.
Мындан тышкары, Венгрия, Кытай, Монголия, Болгария, Индия, Түркия ошондой эле, Орусиядан – Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск шаарларынан, Тыва жана Татарстан өлкөлөрүнүн чыгармачыл топтору болду.
Кошуна мамлекеттердин ичинен Казакстандан балдар фольклордук тобу келди.
Фестивалдын ачылышында Айбек Жунушалиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, каада-салт менен заманбаптык, балдардын ак пейилдиги жана элдик чыгармачылыктын кылымдардан берки даанышмандыгы, улуттук өзүн-өзү аңдоо жана интернационалдык түшүнүү жолуккан өзгөчө мейкиндик экенин белгиледи.
Мэр “Nariste 2025” фестивалын мындан ары да колдоого алынарын жана эл аралык катышууну кеңейтүү, жаш аткаруучулардын чыгармачылык өсүүсүнө шарт түзүүгө болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын кошумчалады.
Иш чаранын негизги максаты – өз ара түшүнүшүүнү жакшыртуу, этностук, маданий, тилдик топтордун жана улуттардын ортосундагы мамилелерде тилектештикти чыңдоо, маданияттарды мындан ары өз ара байытуу, эл аралык маданий кызматташтыкты жана алмашууну өнүктүрүү.
Фестивалга Эл аралык жана Бишкек Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрүнөн тышкары, Кыргызстандын жети облусунун чыгармачыл балдардын тобу да катышты.
Майрамдык кече 1-июнь күнү да улантылып, Ала-Тоо аянтында чоң концерттик программа элге тартууланды.
Айрыкча Венгриянын Балдар фольклордук тобунун аткаруусундагы кыргыз бийи “кара жорго” элдин колдоосуна татыды.
Эскерте кетсек, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында жаңы Sky Park Baytik аттракциондор паркынын да ачылышы болду. Ага Кыргызстандын премьер-министри Адылбек Касымалиев катышты.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан дүйнөдөгү көптөгөн эл аралык маданий жана фольклордук фестивалдардын активдүү жана туруктуу катышуучусу.
2017-жылы Кыргызстандын борборунда биринчи жолу Бишкек маданият форуму болуп, ага ири эл аралык уюмдардын мүчөлөрү болгон беш континенттен 20 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн.
Булар CIOFF – Фольклордук фестивалдарды жана салттуу искусствону уюштуруу боюнча эл аралык кеңеши, Эл аралык Дельфий комитети, Марокко фестивалдарынын ассоциациясы, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму.




















