Ирандан бир дагы өлкө, өзгөчө Америка Кошмо Штаттары уранды байытууну токтотууну талап кыла албайт. Тегеран эч качан өзөктүк курал жасоого умтулбайт.
Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан Оманга болгон сапарында “Oman TV” телеканалына берген маегинде билдирди.
Буга чейин “Рейтер” агенттиги маалымдар булактарга шилтеме берип, эгер АКШ Ирандын уранды тынчтык максатта кайра иштетүү укугун тааныса жана активдерин тоңдуруудан чыгарса, Иран уранды байытууну бир жылга убактылуу токтотушу мүмкүн деп билдирген. Ирандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты четке каккан.
“Ар бир өлкө уранды байытуу жана тынчтык максатындагы атомдук энергетика боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө укуктуу. Жогорку лидердин (аятолла Али Хаменеи) фатвасына ылайык, Иран эч качан өзөктүк курал жасоого умтулган эмес жана умтулбайт”, — деди Пезешкиан.
Ал Иран өзүнүн доктринасына өзөктүк курал тууралуу пункттарды эч качан киргизбей турганын баса белгиледи. Ошондой эле ал Иран уранды тынчтык максатында байытуудан эч качан баш тартпай турганын, анын жыйынтыктары саламаттыкты сактоо, медицина, айыл чарба жана өнөр жай тармактарында колдонулушу мүмкүн экенин белгиледи.
“Илим бүткүл дүйнөгө таандык жана бардык адамдар билимге, технологияларга жана илимий жетишкендиктерге ээ болууга укуктуу. Бир дагы өлкө башка өлкөнү бул укуктан ажыратууга акысы жок. Ошондуктан биз (башка өлкөлөрдүн, өзгөчө АКШнын) уранды байытууну кандайдыр бир жол менен токтотуу максатындагы басымына алдырбайбыз”, — деп кошумчалады Иран президенти.
Иран менен АКШ Омандын ортомчулугу менен өзөктүк маселе боюнча беш жолу кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Акыркысы 23-майда Римде болуп өттү. Анын жыйынтыгында Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи Оман сунуштаган механизмдер тууралуу айтып, алар сүйлөшүүлөрдө прогресске жетүүгө тоскоол болгон кыйынчылыктарды жоюуга жардам бере аларын билдирди. Ирандык министр мындай прогресс бир-эки раунддан кийин мүмкүн экенин айтты.
Ошол эле учурда бешинчи раунддун алдында тараптардын ортосундагы карама-каршылыктар да болду. АКШ сүйлөшүүлөргө чейин Ирандан уранды байытуудан баш тартууну талап кылды, бирок иран тарап мындай талаптарды четке кагып, эгер АКШ Тегерандан уранды байытуу технологиясынан баш тартууну талап кылууну улантса, тараптар макулдашууга жете албарын белгиледи.
Ошол эле маалда Иран уранды байытуу деңгээлин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүнө жол берилиши мүмкүн экенин, ошондой эле Ирандын өзөктүк программасынын тынчтык мүнөзүн көрсөтүү үчүн өзүнүн өзөктүк ишмердүүлүгүн көбүрөөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.


















