Кыргызстанда Курман айт 6-июнда белгиленет.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.
“2025-жылдын 6-июну (жума күнү) Курман айт майрамы деп белгиленди. 5-июнь арапа күнү, 6-июнь Курман айт”, – деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.
6-июнь жумага туш келгендиктен кыргызстандыктарды узак дем алыш күндөрү күтүп турат.
Курман айт, ислам эрежелерине ылайык, Орозо айттан 70 күндөн кийин белгиленет.















