Валентина Шевченко 2025-жылдын 10-майында Монреалда өткөн UFC 315 мелдешинде франциялык Манон Фиоро менен беттешип, жеңил салмактагы чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп алды. Бул беттеш беш раундга созулуп, Шевченко калыстардын бир добуштуу чечими менен жеңишке жетти. Бул жеңиш менен ал UFC тарыхында 10 жолу чемпиондук наамын коргогон аял мушкерлердин катарына кошулду. Бул жеңиш Валентина Шевченконун карьерасындагы маанилүү учур болуп, анын чемпиондук деңгээлин жана мушташка болгон берилгендигин дагы бир жолу далилдеди.
Дүйнөлүк аренага жолу
Спорт дүйнөсүндө өзүнүн кайталангыс эрдиги менен элдин эсинде калган инсандар аз эмес. Бирок алардын арасынан UFC сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги мушташ уюмунда өзгөчө из калтырган, туулган жерин даңазалаган, жаратылышы назик аял затына мүнөздүү эмес күрөш чеберчилигин бийик деңгээлде көрсөтө алган мушкер – бул Валентина Шевченкону айтсак аздык кылбас. Ал Кыргызстандын сыймыгы, мекендин ар намысын дүйнөлүк ареналарда коргогон спортчу. Канчалаган өлкөлөрдүн мыкты мушкерлерин багындырып, күйөрмандарын таң калтырып келаткан бул кыздын тарыхы – мекенге болгон сүйүүнүн, талыкпаган эмгектин жана темирдей тартиптин үлгүсү десе болот.
Валентина Шевченко 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Анын спортко болгон кызыгуусу бала кезинен эле байкалган. Эжеси Антонина менен кошо тай бокс, кикбокс жана аралаш мушташ (MMA) боюнча машыгып, спортко баш-оту менен кирген. Бул жолду тандоо оңой болбогону анык: күнүмдүк машыгуулар, дүйнөлүк мелдештерге чыгуу үчүн үзгүлтүксүз даярдык, кыйынчылыкка чыдоо, ички дисциплина – мунун баары келечекте ага ийгилик алып келген сапаттар болуп калган.
Шевченко өзүнүн биринчи профессионалдык мелдешине 2003-жылы эле чыккан. Ал убакта Валентина болгону 15 жашта болчу. Атаандаштарын техникасы, ыкчамдыгы жана мушташка болгон так даярдыгы менен таң калтырган кыз тез эле эл оозуна алынган мушкерге айланган. Анын жеңиштери кайсы гана спорт түрүндө болбосун кыйынчылыкты жеңүү үчүн чыныгы эмгек керек экенин далилдеп турду.
UFC – чыныгы мушкерлердин аренасы
Дээрлик он жылдан бери Валентина дүйнөнүн эң күчтүү мушкерлерин чогулткан UFC уюмунда беттештерге катышып келет. UFC – бул жөн гана мушташ эмес, бул дүйнөлүк деңгээлдеги спорт майданы, чыныгы мушкерлердин чордону. Ар бир мушкер бул уюмда өзүн көрсөтүп, чеберлигин далилдегенден кийин гана дүйнөлүк наамга жетет.
Шевченконун UFCдеги жолу жеңил болгон эмес. Бирок ар бир беттеште өзүнүн күчүн, тайманбас мүнөзүн жана ачык-айкын стратегиясын көрсөтө алган. Ал UFC уюмунун тарыхындагы эң ийгиликтүү аял мушкерлердин бири катары тарыхта кала берет. Валентина тай бокс боюнча мурунку тажрыйбасын мыкты пайдаланып, ошол эле учурда жыгуу ыкмаларын да өздөштүрдү. Анын согуштук стилдерди айкалыштыруу жөндөмү көптөгөн атаандаштарын жеңүүгө түрткү берген.
Талаштуу реванш жана жаңы салмак категориясы
Валентина 61 килограмм салмактагы чемпиондук кур үчүн атаандашкан Аманда Нунес менен болгон реванш беттешинде мыкты оюн көрсөттү. Бирок жыйынтык талаштуу болуп, күйөрмандардын арасында чоң талкуу жаратты. Көптөр бул беттеште жеңиш Валентинага тийиши керек болчу деп эсептешкен. Бирок спортто мындай учурлар көп болот – чечим ар дайым адилеттүү болбойт. Бирок Шевченко бул окуядан жаман маанай эмес, тескерисинче, чоң сабак алган.
Аталган беттештен кийин Валентина жаңы максат коюп, 57 килограмм салмактагы жеңил салмак категориясына өттү. Бул чечим анын карьерасындагы бурулуш учур болду. Жаңы категорияда ал өзүн жаңы деңгээлде көрсөттү. Көп өтпөй эле бул салмактагы чемпиондук курга ээ болуп, чыныгы ханышага айланды. Анын техникалык даярдыгы, чабуулдагы ыкмалары жана коргонуудагы тажрыйбасы биригип, аны жеңилгис мушкерге айлантты.
Чемпиондук курларын татыктуу коргоо
Валентина жеңил салмактагы чемпиондук наамга ээ болгондон кийин бир нече жолу аны коргоп чыгууга жетишти. Кечээ жакында болгон кезектеги беттеште да ал өзүнүн күчүн далилдеп, чемпиондук курун сактап калды. Бул беттеш анын деңгээли мурдагыдан да жогору экенин көрсөттү. Атаандашы күчтүү болгонуна карабай, Шевченко акылмандык, чыдамкайлык менен жана тайманбас жүрөгү менен жеңишке жетти.
Бул анын карьерасындагы кезектеги чоң жеңиши болуп калды. Бирок ал үчүн бул жөн эле наам эмес – бул мекенге болгон урмат, элине болгон сүйүүнүн белгиси болчу. Ал ар дайымкы жеңишинде Кыргызстандын элин эстеп, мекени менен сыймыктанып келет. Анын беттештеринде кыргыз туусун көтөрүп чыгышы – улуттук рухтун дүйнөлүк аренада жаңырышы болуп саналат.
Кыргызстан үчүн үлгү
Валентина Шевченко – бул жөн гана чемпион эмес, бул кыргыз кыздары үчүн чыныгы үлгү. Анын жашоосу, машыгуу режими, карьерасына болгон мамилеси – жаш спортчуларга чоң сабак. Ал талыкпаган эмгектин, ишенимдин жана максатка жетүүдө берилгендиктин үлгүсү.
Анын ар бир жеңиши менен кошо кыргыз эли да сыймыктанат. Ал Кыргызстанды дүйнөгө таанытты. Чет жерде төрөлүп, ошол жакта чоңойгондор деле бул кыз аркылуу мекендин аты жаңырып жатканын моюнга алышат. Бул мактанууга арзый турган көрүнүш.
Шевченко – спорт дүйнөсүндөгү жаркыраган жылдыз. Анын аты UFC тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Бирок ал үчүн эң маанилүүсү – кыргыз элинин колдоосу жана ишеними. Ар бир беттешинде ал ушул ишенимдин арты менен күч топтойт, дал ошол ишеним менен жеңишке жетет. Валентина – чыныгы чемпион гана эмес, мекендин патриоту, улуттук баалуулуктардын элчиси. Анын жүрөгү кыргыз деп согот. Анын ийгилиги – бүтүндөй кыргыз элинин жеңиши.
Даярдаган: А.Белеков






















