Түркияда азербайжандык аскер кызматкерлери катышкан «Anadolu Ankası- 2025» эл аралык машыгуулары өтүп жатат.
Бул тууралуу Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Маалыматка ылайык, Коньядагы машыгууда «Пил жүрүшү» өтүп, ага АКШ, Германия, Азербайжан, Босния-Герцеговина, Италия, Катар, Польша, Румыния, Словакия жана Сауд Арабия катышууда.
Буга чейин маалымдалгандай, эл аралык машыгууларга катышып жаткан өлкөлөрдүн катышуучулары учуу тапшырмалары аткарыла турган аймактарды карап чыгышкандан кийин практикалык учуулар ишке ашырылып, анын жүрүшүндө иш-аракеттерди координациялоо жана радио байланыштын сапаты текшерилген.
Белгилей кетсек, Түркиядагы бул машыгуулар 12-майда башталган, 23-майга чейин уланат.


















