Түндүк Кореянын армиясы согушка дайым даяр болушу керек.
Бул тууралуу КЭДРдин лидери Ким Чен Ын билдиргенин Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги (ЦТАК) маалымдады.
Түндүк Кореянын лидери армиянын 1-гвардиялык Аскердик-аба күчтөрүнүн дивизиясынын авиаполкуна барып, машыгуунун алкагында ал Аскер-аба күчтөрүнүн авиаотряддарынын аскердик машыгууларын жетектеди.
Анда Ким Чен Ын армиянын бардык бөлүктөрү ар дайым согушка кирүүгө даяр болуу, толук күжүрмөн даярдыкта болуу менен согушка даярдыгын түп-тамырынан бери өзгөртүү керектигин белгиледи.
Машыгууларга авиаотряддар, зениттик-ракеталык бригадалар, радиолокациялык жана радиоэлектрондук согуш системаларынын бөлүмдөрү тартылган. Аскер кызматкерлери абадан коргонуу боюнча тапшырмаларды аткарып, канаттуу ракеталарды жана камикадзе чабуулчу учкучсуз учактарды аңдуу жана жок кылуу боюнча өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.
Мындан тышкары, полигондо алыс аралыкка учуучу жана башкарылуучу жаңы бомбанын сыноолору өткөрүлдү.
Түндүк Кореянын согуштук учагы орто аралыкка учуучу жаңы “аба-аба” ракетасын сынап, тиешелүү кадрлар көрсөтүлдү. “Аба-аба” үлгүсүндөгү ракета өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнүн “МиГ-29” согуштук учагынан) учурулган.
Эске салсак, май айынын башында КЭДР бардык аскер бөлүктөрүн өзөктүк контрчабуулга тез арада даярдоо боюнча машыгууларды өткөргөн. Пхеньян муну Вашингтон менен анын “сателлиттеринин” аракеттери, атап айтканда, Кошмо Штаттар Түштүк Корея менен бирге жүргүзүп жаткан машыгуулары менен түшүндүргөн.
Reuters, агенттиги маалымдагандай, ушул айда Ким Чен Ын ракеталык сыноону көрүп, танк жана ок-дары чыгаруучу заводдорго барды, ошондой эле Россиянын Пхеньяндагы элчилигине барып өлкөнүн РФ менен союздаштыгын дагы бир жолу ырастады.
Түндүк Корея ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаментин өлкөнү АКШнын терроризмге каршы аракеттери менен толук кызматташпаган өлкөлөрдүн тизмесине кошкону үчүн сынга алды. Пхеньян бул тизмеге 1997-жылдан бери жыл сайын кирип келет.
Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы АКШ керексиз жана натыйжасыз кыйратуучу аракеттери менен Түндүк Кореяны канчалык провокация кылса, Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы элдешкис кастык ошончолук күчөй турганын айткан.
Ал КЭДР тышкы күчтөрдүн мамлекеттин кадыр-баркына, эгемендик укуктарына жана коопсуздук кызыкчылыктарына шек келтирүүгө жана бузууга эч кандай аракетине эч качан жол бербей турганын жана АКШнын бардык аймактардагы душмандык провокацияларына жооп иретинде натыйжалуу жана тийиштүү чараларды көрөрүн кошумчалаган.




















