Өзгөчө кырдаал министри Бообек Ажикеев аскер бөлүктөгү жоокерлерге зордук-зомбулук көрсөткөн жана ага жол берген бир катар кызматкерлерге тартиптик чара көрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 16-майда билдирди.
Ага ылайык, жоокерлерди мазактаган кызматкерди Аскер прокуратурасы камакка алып, тергөө иштерин жүргүзүүдө. Ал эми 86123 аскердик бөлүк – Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы кызматынан бошотулду.
Өз кызматтык милдеттерин толук кандуу алып бара албагандыгы, өздүк курам менен талаптагыдай деңгээлде иш жүргүзбөгөндүгү үчүн аскердик бөлүктүн башчысынын биринчи орун басары-штаб башчысы, КДМБнын үчүнчү куткаруу кошуунунун командири жана үчүнчү куткаруу кошуундун командиринин өздүк курамы менен иштөө боюнча орун басары кызмат орундарынан төмөндөтүлдү. Ошондой эле мөөнөттөгү жоокерлер менен иштеген офицерлерге сөгүш жарыяланды.
Буга чейин социалдык тармактарда аскер бөлүктөрдүн биринде тартылган видео тараган. Анда белгисиз бирөө аскер формасын кийген бир топ адамды башы менен жерге сүздүрүп жаткырып, оозго алгыс сөздөр менен шылдыңдап, кордогон. Кийин окуя Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу №86123 аскер бөлүгүндө болгону белгилүү болгон.
Аскер прокуратурасы бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (“Уруп-сабап кыйноо”) негизинде иш козгогон. Президент Садыр Жапаров жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн деген негизде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берген.



















