Казакстанда мобилдик каттоонун жаңы эрежелери күчүнө кирип, смартфондорду тизмелер боюнча жаздыруу системасы иштей баштады.
Бул маалыматты 24KZ телеканалы билдирди.
Белгиленгендей, мобилдик операторлор аппараттардын IMEI коддорун текшеришет. Расмий түрдө импорттолгон түзмөктөр «ак тизмеге» киргизилет, ал эми шектүү жагдайлары барлар, мисалы, IMEI коддору кайталанганы убактылуу «кара тизмеге» киргизилет.
Ал эми сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоо үчүн ээсине 30 күн берилет. Жасалма же уурдалган смартфондор кара тизмеге киргизилип, блоктолот.
Бөгөттөөнүн негизги максаты – керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана контрафакттык продукциянын жүгүртүлүшүнө жол бербөө.
Эксперттердин айтымында, Казакстанда катталбаган смартфондорду блоктоо мобилдик аппараттардын көмүскө жүгүртүүсүн азайтышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, уюлдук байланыш үчүн абоненттик түзүлүштөрдү каттоо эрежелерине өзгөртүүлөр 2025-жылдын 24-мартында күчүнө кирген.
Жаңы эрежелер ушул жылдын 24-мартынан кийин импорттолгон жаңы товарларга гана тиешелүү.
Ал эми мурдатан бар жана идентификациялык коддор базасына (DBIC) кирген казакстандыктардын телефондору автоматтык түрдө ак тизмеге кирип, чектөөсүз иштей берет.
Инновациялар каттоо тутумун жакшыртууга, алдамчылык менен күрөшүүгө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана мобилдик түзүлүштөрдү колдонуунун коопсуздугун жогорулатууга багытталган



















