Өзбекстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен авиакомпаниялардын саны боюнча экинчи, учактардын саны боюнча үчүнчү орунду ээледи.
Бул тууралуу Финпром аналитикалык борборунун маалыматына таянып uz.kursiv.media жарыялады.
Орусия авиакомпаниялардын саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында лидер бойдон калууда, өлкөдө 39 авиакомпания иштейт.
Экинчи орунда 12 авиакомпаниясы менен Өзбекстан турат. Үчүнчү орунду 10 авиакомпания менен Казакстан камсыздайт.
Өзүнүн учак паркынын көлөмү боюнча Өзбекстан да алдыңкы үч лидердин катарына кирет – 59 учак менен үчүнчү орунда.
Ал эми Казакстан 98 учагы менен Орусиядан кийинки экинчи орунда турат.
Ошондой эле өзбек авиакомпаниясы Silkavia авиапарктарын жаңылоо боюнча КМШнын лидерилигине чыкты. Мындан тышкары учактарынын орточо жашы болгону 4 жыл.
Жалпысынан КМШ өлкөлөрүндө 96 авиакомпания иштейт, алар 1100гө жакын учакты иштетет.
Кыргызстанда 9 авиакомпания жана 21 самолет, Украинада 8 авиакомпания жана 22 самолет, Молдавияда 6 авиакомпания жана 15 самолет, Арменияда 5 авиакомпания жана 13 самолет бар.
Ошондой эле Азербайжанда 42 учак менен катталган 2 авиакомпания, Түркмөнстанда дагы 2 авиакомпания, 18 учак бар. Беларуста 2 авиакомпания жана 15 учак, Тажикстанда 6 учактан турган 1 гана авиакомпания бар.



















