Москвадагы коопсуздук маселелерине жооптуу жогорку өкүлдөрдүн 13-эл аралык жолугушуусуна 150дөн ашык мамлекет жана 20дан ашык эл аралык уюмдар чакырылды.
Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
“Форумга катышуу үчүн чакыруулар Глобалдык Түштүк жана Чыгыштын 150дөн ашык өлкөсүнө, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ өлкөлөрүнө, ошондой эле 20дан ашык эл аралык уюмдардын жетекчилигине жөнөтүлдү. 13-форумдун күн тартибинде коопсуздук тармагындагы эл аралык кызматташуу маселелери бар”, — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу 27-29-майда Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгунун төрагалыгы алдында өтөт.
Форум 2010-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Ал дүйнөлүк коопсуздук жана өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо механизмдери боюнча пикир алмашуу үчүн маанилүү эл аралык платформа болуп эсептелет. Ал эл аралык терроризмге, экстремизмге, улуттар аралык кылмыштуулукка, баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө, ошондой эле жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүгө багытталган.


















