Шамал өрттүн тез жайылышына себеп болууда.
Иерусалим менен Тель-Авивдин ортосунда жайгашкан Эштаоль токой массивинде тутанган өрт өлкө тарыхындагы эң ири өрттөрдүн бири болуп эсептелет.
Бул тууралуу Иерусалим округунун өрттөн коргоо жана куткаруу кызматынын жетекчиси Шмулик Фридман Израилдин мамлекеттик KAN телеканалына билдирген.
«Биз азыр өлкө тарыхында болуп көрбөгөндөй чоң токой өртүнүн чордонуна туш болуп жатабыз. Балким, бул – Израиль көргөн эң ири өрт», — деди Фридман журналисттерге.
Анын айтымында, өрттү көзөмөлгө алуу азырынча мүмкүн болбой жатат.
Фридман ошондой эле өрттүн келип чыгуу себеби али аныктала элек экенин кошумчалады.
Расмий маалыматтарга ылайык, учурда беш айыл-кыштактан калк эвакуацияланды.
Израиль өрттү өчүрүүдө жардам берүү өтүнүчү менен алты мамлекетке, анын ичинде Греция, Хорватия жана Италияга кайрылды.
Шамал өрттүн тез жайылышына шарт түзүүдө. Өрттү өчүрүүгө 12 учак жана 50 өрт өчүрүүчү топ тартылган.


















