Пакистан менен Индиянын ортосундагы чыңалуу өткөн аптада аймактын Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө туристтерге куралчан киши кол салып, 26 киши каза болгондон кийин күчөдү.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти АКШ жана Евробиримдик тарабынан террорчу деп таанылган Лашкар-е-Тайба тобунун бир бутагы болгон Каршылык көрсөтүү фронту өзүнө алды.
Индия Исламабадды терроризмге демөөрчүлүк кылууда деп айыптап, бирок Пакистан айыптоолорду четке кагууда.
Ал эми Пакистандын коргоо министри 28-апрелде Индиянын аскерий чабуулунан олуттуу тынчсызданып жатканын билдиргенден эки күн өткөндөн кийин, Пакистан Индия “24-36 сааттын ичинде” ага каршы аскерий операция баштоого даярданып жатканын Пакистандын маалымат министри Аттаулла Тарар 30-апрелге караган түнү билдирди.
“Индия Пакистанга басып кирип, алар менен аскердик кагылышууга барышы ыктымал. Бул кооптуу, абдан ачык жана так ыктымал. Муну жокко чыгарууга болбойт. Биз толугу менен даярбыз, биз жогорку даярдыктабыз”, – деди Пакистандын коргоо министри Хаваджа Асиф Reuters агенттигине.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өзү башында турган коопсуздук жыйынында Индиянын куралдуу күчтөрүнө террордук чабуулга жооп кайтаруу ыкмасын, максатын жана убактысын чечүүгө толук операциялык эркиндик берилерин айтты.
Бул тууралуу Times of India басылмасы премьер-министрдин коопсуздук конференцияда сүйлөгөн сөзүндөгү «өлкө терроризмге кыйратуучу сокку берүүгө даяр» экенин билдиргендигин жазды. Ал куралдуу күчтөрдүн кесиптик мүмкүнчүлүктөрүнө терең ишенерин айткан. Ошондой эле өлкөнүн куралдуу күчтөрү оперативдүү эркиндикке ээ экенин билдирген.
Эскерте кетсек, 22-апрелде куралчан топ Пахалгамда туристтерге ок чыгарып, 26 киши набыт болгон.
Индия кол салуу үчүн Пакистанды күнөөлөгөн, ал эми Индиянын чалгын кызматтары Пакистандын чалгын кызматтарынын тиешеси бар деген далилдер бар экенин айтып келишет.
Индия-Пакистан ортосундагы чыңалуудан кийин Исламабаддагы элчиликтердин санын эки эсеге кыскарган. Ошондой эле суу ресурстарын бөлүштүрүү боюнча эки тараптуу келишим токтотулду.
Эки өлкөнүн ортосундагы абалга көз салган державалардын ичинен Кытай Индия менен Пакистанды Кашмир чөлкөмүндө сабырдуулукка чакырды. Кырдаалдын олуттуулугу эки өлкөнүн тең өзөктүк куралы бар экени ого бетер курчутат.



















