Россия газынын Иранга биринчи жеткирилиши 2025-жылы башталат. Учурда баа боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Бул тууралуу Россия менен Ирандын соода-экономикалык кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 18-жыйынында РФ энергетика министри Сергей Цивилев билдиргенин орус ЖМКлары жазышты.
Маалыматка караганда, газ жылына 1,8 млрд куб метрге чейин көлөмдө Азербайжандагы инфраструктура аркылуу жеткирилет.
“Быйыл бул долбоордун биринчи бөлүгү ишке ашырылып, Иранга 1 миллиард 800 миллион метр кубга чейин газ жеткирилет”,-деди ал.
Кийинчерээк ал журналисттерге тараптар бааны макулдашкандан кийин жеткирүү быйыл башталышы керектигин айтты.
Ирандын мунай министри Мохсен Пакнежад келишим азырынча аягына чыга электигин, бирок алар мүмкүн болушунча тез арада макулдашууга аракет кылып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, январь айында Цивилев Москва менен Тегеран Иранга Азербайжан аркылуу газ куурунун маршруту боюнча макулдашканын, сүйлөшүүлөр соңку баскычка жеткенин жарыялаган. Биринчи этапта газ жеткирүүнүн көлөмү 2 миллиард куб метрди түзүшү мүмкүн жана аларды келечекте 55 миллиард куб метрге чейин көбөйтүү перспективасы каралган.
Апрель айында Ирандын Москвадагы элчиси Казем Жалали Иран өз аймагы аркылуу орус газын өткөрүү үчүн бардык зарыл инфраструктураны даярдап койгонун, маселе 90%га чечилгенин билдирген.

















