Апрель айынын башында Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен жолугушуу учурунда фронттун азыркы абалын бекитип, аскердик аракеттерди токтотууну сунуш кылган. Бул тууралуу Financial Times булагына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, Кремль мурда расмий түрдө аннекцияланган төрт украин аймагына болгон толук дооматтан баш тартууга даяр экенин билдирген. Анын ордуна Москва Крымдын Орусиянын курамындагы аймак катары эл аралык деңгээлде таанылышын жана Украинанын НАТОго кирүүдөн баш тартуусун кепилдик кылууну талап кылууда.
Буга чейин The Washington Post басылмасы 23-апрелде Лондондо өтө турган жолугушууда АКШ өкүлдөрү Украинага фронттогу азыркы чек араны тоңдуруу жана Крымды Орусияныкы катары таануу сунушун киргизүүнү көздөп жатканын жазган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский журналисттер менен маегинде мындай сценарийди кабыл алынгыс деп атаган. Ал Крым маселеси жабык экенин айтып: «Бул биздин Конституцияга каршы келет. Бул — биздин жер, Украина элинин аймагы», — деп баса белгилеген.
Ушундай эле позицияны Европа дипломатиясынын башчысы Кая Каллас да билдирген. Ал Европа Биримдиги мүмкүн болгон тынчтык келишими алкагында да аннекцияны тааныбай турганын белгилеген.
















