Буга чейин 2024-жылдын башында Орусияда автоунааларды сатууну жана чыгарууну токтоткон түштүк кореялык Hyundai компаниясы Роспатентте жаңы соода белгилерин каттады.
Департаменттин маалыматына таянып РИА Новости кабарлагандай, компаниянын каттоодон өткөн арыздарынын кеминде төртөөсү жактырылды.
Документтерге ылайык, жаңы товардык белгилер Hyundai компаниясына Орусияда жеңил унаалардан тарта автобустарга, тракторлорго жана жүк ташуучу унааларга чейин кеңири ассортименттеги унааларды расмий түрдө чыгарууга жана сатууга мүмкүндүк берет.
Тизмеге авто тетиктер, анын ичинде дөңгөлөктөр, амортизаторлор жана кыймылдаткычтар кирет.
Орусияда Hyundai соода белгилерин колдонуу укугу 2034-жылга чейин күчүндө болот.
Буга чейин дагы бир түштүк кореялык Kia компаниясы Роспатентке кеминде алты арыз менен кайрылган.
Эске сала кетсек, Орусияда Hyundai автоунаасын чыгаруу 2022-жылдын март айында Украинада аскердик операция башталгандан кийин токтотулган. Буга тетиктерди жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр себеп болгон.
Hyundai 2024-жылдын башында Орусиядан чыгып, Санкт-Петербургдагы активдерин орусиялык Арт-Финанс ЖЧКсына (AGR Groupтун башкы компаниясы) саткан. Бирок, келишимде сатылгандан кийин эки жыл ичинде кайра сатып алуу мүмкүнчүлүгү камтылган.
Өткөн жылы август айынын аягында Hyundai Роспатентке товардык белгини каттоого 17 арыз берген. Алар автоунааларга, тетиктерге жана аксессуарларга, анын ичинде Hyundai жана Genesis маркаларына тиешелүү.
Мыйзамга ылайык, эгерде укук ээси катталган белгини үч жыл бою колдонбосо, ал жокко чыгарылышы мүмкүн.
Буга чейин Hyundai Петербургда эки заводго ээлик кылган. Заводдордун бири 2010-жылдын сентябрында иштей баштаган жана Hyundai Solaris, Hyundai Creta, Kia Rio жана Kia Rio X-Line үлгүлөрүн чыгарган.
Анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 200 миң автомобилден ашты.
2022-жылга чейин Hyundai Орусиядагы чет элдик автоунааларды чыгарган эң ири компаниялардын бири болгон.


















