Boeing корпорациясында Boeing 737 MAX учактарын чогултууда зарыл болгон болт жана гайка сыяктуу бекиткич элементтер түгөнүп калгандыктан, бул лайнерлердин өндүрүшү токтоп калуу коркунучуна кептелди.
Бул тууралуу Reuters агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.
Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү корпорация атайын болт жана гайкалардын жаңы запастарын табууга жетишти, бул болсо АКШдагы учак өндүрүшүнүн жайлап калышынан араң куткарды. Буга себеп — негизги жабдуу чыгуучу заводдогу өрт болгон. Бирок жаңы партиядагы болт жана гайкаларды жогорку баада сатып алууга туура келди. Эгер мындай көйгөй кайра кайталанса жана аны чечүү мүмкүн болбой калса, анда бекиткичтердин тартыштыгы Boeing 737 MAX өндүрүшүнүн толугу менен токтоп калышына алып келиши мүмкүн.
Мындан сырткары, бекиткич элементтердин жеткирүүлөрүнүн кыскара башташы бүт аэрокосмостук өнөр жай тармагына коркунуч жаратууда. Айрым гайка өндүрүүчү компаниялар альтернативдүү жеткирүүлөр боюнча келишимдерди түзүп, материалдар менен эмгек чыгымдарынын өсүшүн жабуу үчүн бааларды көтөрүп жатышат. Болжолдор боюнча, учурда бир даанасы он доллардан жүз долларга чейин бааланган атайын бекиткичтердин айрым түрлөрүнүн баасы он пайыздан ашыкка көтөрүлүшү мүмкүн.
Басылма белгилегендей, бул жабдуулардын жетишсиздиги АКШ президенти Дональд Трамптын туруксуз тарифтик саясатына байланышкан аэрокосмостук секторго болгон коркунучтардын фонунда жаралган.



















