Кытайлык илимпоздор эч кандай өзөктүк материалдарды колдонбостон суутектин негизиндеги жардыргыч түзүлүштү ийгиликтүү сыноодон өткөрүштү.
Бул тууралуу «Journal of Projectiles, Rockets, Missiles and Guidance» журналында жарыяланган макалада айтылганын “South China Morning Post” гезити келтирди.
Макалада белгиленгендей, 2 кг бомба жарылгандан кийин, температурасы 1000 градустан жогору болгон от шары эки секунддан ашык пайда болот. Бул тротилдин жарылуусунан 15 эсе узак.
Түзмөк суу астындагы курал системаларынын негизги иштеп чыгуучусу болгон Кытайдын мамлекеттик кеме куруу корпорациясынын (CSSC) изилдөө институту иштеп чыккан. Анда магний гидридинин негизиндеги катуу абалдагы суутекти топтоочу тутум колдонулат. Бул жол менен баллондорго караганда бир кыйла көбүрөөк суутек сакталат.
Магний гидриди активдештирилгенде суутек камтыган газдын бөлүнүп чыгышы менен тез термикалык ажыроо жүрүп, ал күйөт.
“Суутек камтыган газ жарылуулары минималдуу тутануу энергиясы менен пайда болот, кең диапазонго ээ жана тездик менен сыртка чыгып, кеңири жайылып кетүүчү жалынга алып келет. Бул комбинация жарылуунун интенсивдүүлүгүн так көзөмөлдөөгө, чоң аянттардагы буталарды бир калыпта жок кылууга оңой жетүүгө мүмкүндүк берет”, – деп айтылат изилдөөдө.
Илимий эмгекте сыноодо колдонулган көп сандагы магний гидридинин кайдан алынганы ачыкка чыгарылган эмес. Ошондой эле Элдик боштондукка чыгаруучу армия бул куралдарды кандай шартта колдоно тургандыгы да белгисиз. Акыркы убакка чейин магний гидридинин өндүрүшү синтез үчүн талап кылынган жогорку температура жана басымдан жана абага тийгенде жарылуу коркунучунан улам лабораториялык масштабда — суткасына бир нече грамм менен гана чектелген.
Бирок быйылкы жылдын башында Кытай түндүк-батыштагы Шэньси провинциясында жылына 150 тонна магний гидрид өндүрө турган завод ачкан. Иштеп чыгууну Кытайдын Илимдер академиясына караштуу Далянь химиялык физика институту жетектейт.

















