Божомол 14-апрелдеги ири көлөмдөгү тышкы соода бажы төлөмдөрүнүн абалына негизделген.
ЛОНДОН
Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) быйылкы жылдын жыйынтыгында дүйнөлүк товар соодасы 3% өсөт деген октябрь айындагы күтүүлөргө караганда, 0,2% кыскаруу болорун болжоп жатат.
Бул тууралуу уюмдун «Дүйнөлүк сооданын перспективалары жана статистикасы» аттуу отчетунда айтылат.
ДСУнун бул божомолу 14-апрелдеги абалга ылайык, дүйнө жүзүндөгү ири көлөмдөгү соода бажы төлөмдөрүнө байланыштуу кырдаалга таянып түзүлгөн.
Өзгөчө кескин төмөндөө Түндүк Америкада байкалмакчы — бул аймакта экспорт 12,6% кыскарышы күтүлүүдө.



















