Ош шаарында эки боордош элдин ортосундагы достукту чыңдоого багытталган маданий иш-чара болуп өттү.
Концерт Кыргыз Республикасындагы Өзбек улуттук маданий борбору жана Өзбекстандын «Ватандошлар» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан, жергиликтүү бийликтин колдоосу менен уюштурулду.
Иш-чарада Өзбекстандын белгилүү маданият өкүлдөрү сахнага чыгып, музыка сүйүүчүлөрүнө көӊүлдүү маанай тартуулашты.
Концертке Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык кеңештин депутаттары, Өзбекстандын Оштогу башкы консулу Зафарбек Ахмедов жана шаар тургундары катышты.
Белгилей кетсек, ушул сыяктуу маданий иш-чаралар Жалал-Абад жана Раззаков (мурдагы Исфана) шаарларында да өткөрүлдү.




















