Тажикстандын коргоо министри Эмомали Собирзода Тегеранга келди. Бул тууралуу иран ЖМКлары жазды.
Тажикстандын аскер ведомствосунун башчысы Ислам республикасына расмий сапары менен келди.
Бул Эмомали Собирзоданын Иранга Коргоо министри катары биринчи сапары. Коргоо министрлигине жетекчи болуп дайындалгандан кийинки биринчи чет элдик сапары Россияга болгон.
Аэропорттон кесиптешин тосуп алган Ирандын Коргоо министри Азиз Насирзаде өлкөлөр ортосундагы саясий, аскердик жана экономикалык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.
Собирзода күн мурун Ирандын Фарс провинциясынын башчысы Хоссейн Али Амири менен жолугушкан. Шираз шаарындагы сүйлөшүүлөрдө тараптар түрдүү тармактарда кызматташууга үмүттөнөрүн билдиришкенин ISNA агенттиги жазды.
Тараптар маданияты жана тили орток эки өлкө айрыкча маданий чөйрөдө кеңири кызматташтыкты түзө аларын белгилешти.
Тажикстандын коргоо министри эки элдин ортосундагы достук мамилени баса белгиледи.
Эске сала кетсек, Тажикстандын Коргоо министри буга чейин 2023-жылы Иранга сапары менен барган. Ал учурда бул кызматты Шерали Мирзо ээлеп турган.



















