Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жана КМДБнын алдындагы 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын жетекчиси Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган штаб өкүлдөрү болочок ажылардын формаларын тигүүчү ЖЧК «Тайган Коллекшн» фирмасын зыярат кылышты. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Зыяраттын жүрүшүндө формалардын сапаты, бычымы, тигилиши жана өзгөчөлүгүнө көңүл бурулуп, жогорку баа берилди.
Муфтий зыяратчыларга кызмат кылып жаткан фирманын жетекчилигине жана тикмечилерге ыраазычылык билдирип, ыйык ажылыкка жана ажыларга кызмат кылуунун соопторуна токтолуп, ак батасын берди.
«Кудай буюрса, быйылкы формаларыбыз былтыркыдан да мыкты болуп даярдалып, 100 пайызга бүттү. Формада Кыргызстаныбызды тааныткан символикалар, түнкүсүн жарык чыгарган элементтер, ысыкка жана кондиционердин муздак аба агымына туруштук берер сапаттуу материал, телефон салууга ылайыкташкан чөнтөк болобу, көп жагынан артыкчылыктар бар», – деди УРШ башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев.
Белгилей кетүүчү жагдай, Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлгөн.
Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлиги ажылык сапарга бара тургандарга бир катар медициналык талаптарды койгон. Ага ылайык, гемодиализ алып жаткандар, кычкылтек бет кабын колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорусу барлар, боор циррозуна, химиотерапия алып жаткан рак оорусу барларга ажылыкка барууга уруксат берилбейт. Бул тизмеге кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга кабылгандар, өз алдынча кыймылдай албагандар да кошулган.
Ажылыкка баруунун акысы 3миң 750 доллар деп бекитилген.
Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири.































Discussion about this post