Акыркы жуманын ичинде Пакистан бийлиги төрт миңге чукул оогандыктарды Торхам өткөрмө бекети аркылуу мажбурлап депортациялаган. Алардын көпчүлүгү үй-бүлө мүчөлөрү.
Бул маалыматты РИА Новости жарыялады.
Басылманын маалыматына караганда, өткөрүү пункту жайгашкан Ооганстандын Нангархар провинциясынын жергиликтүү бийликтери Пакистан ооган мигранттарын депортациялоону күчөткөнүн айтууда.
“Акыркы жети күндүн ичинде төрт миң үй-бүлө, жалпысынан отуз миңге жакын адам Торхам өткөрмө бекети аркылуу Ооганстанга депортацияланды. Депортациялангандардын саны боюнча күнүмдүк көрсөткүчтөр сканердин иштебей калышы, жолдун жабылышы же башка көйгөйлөр сыяктуу ар кандай факторлордон улам өзгөрүп турат”, – деп билдирди Бахт өткөрмө бекетиндеги мигранттарды ташуу кызматынын жетекчиси Жамал Гохар.
Лагердин башчысы Мохаммад Хашим Майвандвалдын айтымында, Ооганстан депортациялангандарды бардык зарыл нерселер менен камсыз кылууда.
“Азык-түлүк комитети мигранттарды тамак-аш менен камсыздайт, каржы комитети аларга акча бөлөт. Ал эми транспорт комитети аларды туруктуу жашаган жерлерине жеткирип, жол кире акысын төлөп берет. Мындан тышкары, турак-жай комитети алардын лагерде уюшкан түрдө болушу үчүн бардык зарыл чараларды көрдү”, – деди Майвандвал.
Ал эми Tolo news агенттигинин маалыматына ылайык, бир күн мурун Ооганстандын Качкындар жана репатриация министрлигинин башчысы Абдул Кабир, Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомдор федерациясынын (IFRC) Ооганстандагы башчысы Ахмед Сулим жана Эл аралык миграция уюмунун Ооганстандагы миссиясынын башчысы Михан Паларк менен өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.
Буга чейин жер которгон айрым оогандыктардын билдиргенине караганда, Пакистан бийлиги депортациялоо маселесин 10-апрелге жылдырууга убада беришкенин билдиришкен.


















