АКШ президенти Дональд Трамп эгер Кытай АКШнын бажы тарифтерине каршы жооп чараларын жокко чыгарбаса, Вашингтон Кытайга кошумча бажы төлөмдөрүн киргизе турганын билдирди.
Бул тууралуу Трамп Truth Social соцтармактагы баракчасына жазды.
Трамп Кытайдын АКШнын тарифтик чараларына жооп катары америкалык товарларга 34% бажы алымдарын киргизгенине нааразы болуп, эгер Кытай 8-апрелге чейин акыркы чечиминен баш тартпаса, Вашингтон 9-апрелден баштап Пекинге 50% жаңы тарифтерди киргизээрин эскертти.
АКШ президенти эгер Пекин кошумча тарифтерди алып салуудан баш тартса, Кытай менен тариф маселеси боюнча сүйлөшүүлөр болбойт. Ошол эле учурда ал башка өлкөлөр менен бажы саясаты боюнча сүйлөшүүлөр “дароо” башталышы керектигин айтты. Трамп кайсы мамлекеттер тууралуу айтып жатканын тактаган жок.
Ал жооп чараларын көрө турган кайсы гана өлкө болбосун Кошмо Штаттардан катаал жана масштабдуу тарифтерге туш болорун эскертти.
Трамптын соода согушу
АКШ президенти Дональд Трамптын импортко бажы төлөмдөрүн киргизүү чечими дүйнө жүзү боюнча сынга кабылды. Европада да, Азияда да Вашингтон жарыялаган соода согушунун терс кесепеттери жана жооп чараларын көрүүгө даярдыгы тууралуу сөз болууда. Жаңы тарифтердин киргизилиши АКШнын айрым союздаштары үчүн да күтүүсүз болду.
Кээ бир талдоочулар Трамптын тарифтик чараларын “дүйнөлүк соода системасына эң катуу сокку” деп атап, сооданын катаалдашуусу жеткирүү чынжырларын туруксуздаштыруу, инфляциянын өсүшү жана жыл сайын АКШга башка өлкөлөрдөн ташылган триллиондогон долларлык товарлардын баасын көтөрүү коркунучу бар деп эсептешүүдө.
Ушундай эле чаралар Вьетнам (46%), Индия (26%), Индонезия (32%), Камбоджа (49%), Малайзия (24%), Корея Республикасы (25%), Таиланд (36%), Тайвань (32%), Швейцария (31%), Япония (24%) жана башка өлкөлөргө колдонулат.
Пошлина киргизилген 185 өлкөнүн ичинде Борбор Азия өлкөлөрү, анын катарында Кыргызстан да бар. Кыргызстанга минималдуу 10 пайыздык алым киргизген. Мындан тышкары, КМШнын бир катар өлкөлөрү – Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Армения жана Азербайжан үчүн да 10%дык алым белгиленген. Казакстан үчүн бул көрсөткүч 27% деп киргизилген.
Мындан тышкары Ооганстандан товарларга – 10%, Бразилиядан – 10%, Улуу Британиядан – 10%, Израилден – 17%, Ирактан – 39%, Ирандан – 10%, Сауд Аравиядан – 10%, Сириядан – 41%, Түркиядан – 10%, Түштүк Африкадан – 30% бажы алымдары киргизилет. Тизмеде Россия жок, ошол эле учурда Украина 10%дык алым менен тизмеге кирген.
Андан сырткары, АКШ администрациясы 3-апрелден тарта импорттолуучу бардык унааларга 25% бажы алымдарын киргизген. АКШ администрациясы болот, алюминий, жез, ошондой эле алтын куймалары жана ар кандай маанилүү товарларды бажы төлөмдөрүнөн алып салган.
Жаңы тартип 5-апрелден тарта иштей баштаган. Ал эми 9-апрелден тарта соода тартыштыгы арбыныраак мамлекеттер үчүн жогорулатылган тарифтер күчүнө кирет.


















