Казакстандын Акмола облусундагы Колутон дарыясынын суусу ташкындан улам ашып кетти. Учурда табигый кырсыкка каршы күрөш уланууда.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алты айыл транспорттук байланышсыз калган. Азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүү уюштурулган.
Куткаруучулар менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Старый Колутон айылынан оорулуу жана кош бойлуу аялдарды эвакуациялоону улантууда.
Куткаруучулардын макулдашылган аракеттеринин аркасында 21 адам, анын ичинде кош бойлуу аялдар моторлуу кайыктар менен ташылып келинген.
“Селдин алдын алуу иштеринин жүрүшү менен өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Рамил Камалов таанышты. Жээк сызыгын бекемдөө жана андан ары сел каптоосун алдын алуу максатында 1000 каптан ашык инерттик материалдар төшөлүп, 300 куб суу сордурулду. 21 баш уй, 100гө жакын кой коопсуз жайга чыгарылды”,- деп билдирет департаменттин басма сөз кызматы.
Маалым болгондой, куткаруу иштерине ӨКМден 70ке жакын адам, ӨКМден 20 даана атайын техника жана ыктыярчылар катышууда
Колутон – Казакстандын Акмоло облусундагы дарыя, Ишимдин (Об ойдуңунун) оң жана эң чоң куймасы.
Дарыя Макинская тоосунун түштүгүнөн башталат жана агымы күчтүү сезондук жана узак мөөнөттүү тексиздикке ээ.



















