Корея өкмөтү президенттик шайлоону 3-июнда өткөрүүнү көздөп жатканын Yonhap агенттиги өкмөт түзүмүндөгү булакка таянуу менен билдирди.
Президенттик шайлоону өткөрүү чечими 8-апрелдеги өкмөт жыйынында бекитилет.
«Маселенин маанилүүлүгүн жана шайлоо күнүн убактылуу эс алуу күнү деп жарыялоо зарылдыгын эске алуу менен, чечим министрлер кабинетинин жыйынында бекитилет», -деп билдирди өкмөттүн атайын өкүлү.
Мамлекет башчысын шайлоо президент Юн Сок Ёл Конституциялык сот тарабынан кызматтан алынгандан кийин 60 күндүн ичинде өтүшү керек.
4-апрелде Кореянын Конституциялык соту президент Юн Сок Ёлдун өлкөдө аскердик абал киргизүү тууралуу чечимине байланыштуу Улуттук ассамблеянын импичментин бир добуштан колдоду.
Соттун төрагасы Мун Хён Бэ Юндун аскердик абалды жарыялоого жана аскердик күч колдонууга жетиштүү негизи жок экенин билдирди.
Эске сала кетсек, Юн Сок Ёл козголоң уюштурууга айыпталып, 15-январда козголоңчу деп камакка алынган. Аны укук коргоо кызматкерлери экинчи аракетинде гана кармоого үлгүрүшкөн. Юн камакка алынгандан кийин тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышкан. Бирок Юн Сок Ёл өзү айыптоолорду четке каккан.

















