Түштүк Кореянын Конституциялык соту президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялагандан кийин кызматтан четтетилди.
Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирет.
Мындан мурда өлкөнүн парламенти президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөн. Буга Юн Сок Ёл тарабынан Түштүк Кореяда аскердик абал киргизилгени себеп болгон.
Президентке импичмент жарыялоо үчүн сегиз судья тең добуш берип, чечим чыгаруу үчүн алтоо талап кылынган.
Эми 60 күндүн ичинде өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, 3-июнга чейин жаңы президент шайланышы керек.
Импичмент боюнча соттук териштирүү парламент сунуш киргизген учурдан тартып 111 күнгө жана сот процесси аяктагандан кийин 38 күнгө созулду.
Премьер-министр Хан Деок Су жаңы президенттин инаугурациясына чейин мамлекет башчысынын милдетин аткарат.
Эске сала кетсек, Юн Сок Ёл козголоң уюштурууга айыпталып, 15-январда козголоңчу деп камакка алынган. Аны укук коргоо кызматкерлери экинчи аракетинде гана кармоого үлгүрүшкөн. Юн камакка алынгандан кийин тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышкан. Бирок Юн Сок Ёл өзү айыптоолорду четке каккан.


















