Түркияда Коджаэли провинциясында тоок этинен жасалган шаурмадан уулангандыктан, 648 адам медициналык жардамга кайрылышты.
Бул тууралуу Газета.ру аймактын жетекчилигине шилтеме берүү менен билдирди.
«Жалпысынан провинциянын ооруканаcына уулануу белгилери менен 648 адам кайрылды. Алардын ичинен 646сы дарылангандан кийин чыгарылды, экөөсү азырынча дарылануусун улантууда. Окуяга байланыштуу эки шектүү камакка алынды», — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, шаурма саткан жай жабылып, Айыл жана токой чарба министрлигинин адистери тамактан үлгүлөрдү алып анализ жүргүзүштү. Натыйжада, тамак-аш талаптарга жооп бербегени аныкталды.


















