АКШнын коргоо министри Пит Хегсет президент Дональд Трамптын администрациясынын мамлекеттик органдардын кызматкерлерин кыскартуу чечимине байланыштуу Коргоо министрлигиндеги жарандык кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча меморандумга кол койду.
Мындай чечим өкмөттүн чыгашаларды кыскартуу программасына байланыштуу ишке ашырылууда
Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.
Буга чейин АКШнын Коргоо министрлиги жарандык кызматкерлердин 5-8 пайызын кыскартуу планын жарыялаган. Учурда департаментте 950 миңге жакын мамлекеттик кызматкер иштейт, бул кыскартуулар 76 миңге чейин адамга таасир этиши мүмкүн. Бирок Пентагондун билдирүүсүнө ылайык, Хегсет 28-мартта кол койгон документте департаменттеги алдыдагы жумуштан бошотуулардын канча пайызы экендиги көрсөтүлгөн эмес.
Ошондой эле, “Кийинкиге калтырылган пенсия программасын” киргизүү жана укугу бар адамдарга мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталды.
Департаменттин жетекчилиги өзгөртүүлөр боюнча планды 11-апрелге чейин тапшырышы керек. Буга чейин кыскартуулар БЧБда (ЦРУ) башталган.
Февраль айында бул мекеменин кызматкерлерине сегиз айлык маянасына барабар компенсация менен өз ыктыяры менен иштен кетүү сунушталган.


















