Жазгы суу ташкындарды утурлай Орусия менен Казакстан алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү максатында чек ара тилкесинде жайгашкан суу объектилеринин, анын ичинде суу сактагычтардын абалы тууралуу маалымат алмашууну күчөтүштү.
Бул маалыматты Бүткүл орусиялык жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча илимий изилдөө институтунун (ВНИИ ГОЧС) билдирүүсүнө таянып РИА Новости агенттиги жазды.
“Быйылкы суу ташкындын алдында Казакстан менен Орусия чек ара тилкесиндеги трансчекаралык дарыялар жана суу сактагычтар боюнча маалымат алмашууну көбөйттү”, – деп айтылат Бүткүл орусиялык жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча илимий изилдөө институтунун билдирүүсүндө.
Ал эми Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги Волга жана Урал федералдык округдарынын борборлорунда, ошондой эле Казакстандын борборунда жайгашкан башкы башкармалыктарынын өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо, мониторинг жүргүзүү, моделдөө жана алдын алуу иш-чараларын уюштуруу аркылуу өлкөлөр ортосунда кызматташтык түзүлгөнү белгиленген.
“Урал, Тобол, Ишим жана Иртыш дарыяларынын бассейндеринин суу сактагычтарында кардын эриши жана катуу жаан-чачындар мезгилинде татаал гидрологиялык кырдаал түзүлүшү мүмкүн”, – деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, бир жума мурун Казакстандын кайсы аймактарында суу каптоо коркунучу бар экенин Суу чарба жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов Сенатта өткөн брифингде “Таскын” маалымат тутумунун иши тууралуу айтып берген.
“Бардык аймактар үч зонага бөлүнгөн. Суу каптоо коркунучу жогору болгон кызыл зонага Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан жана Абай облустары кирет. Сегиз облус орточо кооптуу аймакка, түштүк облустар суу ташкындары болбой турган аймакка кирди”, – деп билдирген Нуржан Нуржигитов.
Министрдин айтымында, кызыл түс менен кайсы жерде суу ташкыны болушу мүмкүн экендиги көрсөтүлүп, андан кийин жергиликтүү аткаруу органдары чара көрөт.
Казакстандын «Казводхоз» ишканасынын аймактык филиалдары суу ташкынына каршы күрөшүү үчүн 360 атайын техника даярдашкан.


















