«Орусиянын ардагерлери» коомдук кыймылы Роскомнадзорго, Мамлекеттик Думага жана Маданият министрлигине кайрылып, өлкөдө түрк сериалдарын көрсөтүүгө тыюу салууну өтүндү. Бул тууралуу «Абзац» басылмасы кыймылдын төрагасы Ильдар Резяповго шилтеме берип кабарлады.
Коомдук ишмерлердин айтымында, түрк сериалдары орус аялдарынын эркектерге болгон көз карашын өзгөртүү аркылуу демографияга терс таасирин тийгизүүдө.
«Айымдар мындай сериалдарды көргөндөн кийин, биздин мырзаларга кызыгуусун жоготуп, алардан реалдуулукка дал келбеген жүрүм-турум күтүп калышат», — деди Резяпов.
Ошол эле учурда, коомдук ишмерлер орус сериалдарындагы образдар да өзгөчөлөнөрүн белгилешти. Алардын пикиринде, орус телесериалдарында эркектер көбүнчө аракеч, деспот жана ийгиликсиз адам катары көрсөтүлөт, ал эми күчтүү аялдар өмүр жолунда сылык-сыпаа чет элдик жигитти жолуктургандан кийин түйшүктөн арылгандай сүрөттөлөт.
Резяпов бул көрүнүштөр Орусияда туулган балдардын санын азайтып, үй-бүлө институтун бузуп жатканын белгиледи. Ошондуктан, анын айтымында, «деструктивдүү пропаганда» деген түшүнүктү мыйзамдык деңгээлде киргизип, анын так аныктамасын бекитүү керек.



















