Орусия жана Пакистандын деңиз флотторунун кемелери Араб деңизинде биргелешкен PASSEX деңиз машыгууларын өткөрөт.
Бул маалыматты Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат жана массалык коммуникациялар департаментине таянып РИА Новости жазды.
“Резкий”, “Герой Российской Федерации Алдар Цыденжапов” жана Тынч океан флотунун “Печенга” аттуу орто деңиз танкеринен турган Орусиянын Аскер-деңиз флотунун кемелеринин отряды Пакистан Ислам Республикасынын Аскер-деңиз флоту менен биргелешкен PASSEX деңиз машыгуусуна катышат.
Тараптар машыгууну Пакистандын Карачита портуна болгон сапарынын алкагында өткөрүүнү макулдашты», – деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, дүйшөмбү күнү орусиялык кемелер отрядынын командалык курамы Пакистандын деңиз флотунун улук офицерлери менен конференцияга жана расмий жолугушууларга катышты.
Алар биргелешкен машыгуунун чоо-жайын талкуулашкандан сырткары орус деңиз күчтөрүнүн офицерлерине кеменин аман калышын камсыздоо үчүн пакистандык Бабур корветинде машыгуулар көрсөтүлдү.
“PASSEX машыгуусу Араб деңизинде орусиялык отряд турган акыркы күнү өтөт. Машыгуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн кемелери палубалык тик учактарды колдонуу менен биргелешкен маневр жасоо тапшырмаларын аткарышат, байланыш машыгууларын жана өз ара аракеттенүүнүн башка элементтерин аткарышат”, – деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлиги.
Эске сала кетсек, “Резкий” жана “Герой Российский Федерация Алдар Цыденжапов” атындагы корветтер 20380 долбоору боюнча “Алмаз” борбордук конструктордук бюросу жана Бириккен кеме куруу корпорациясынын Амур верфинин кеме куруучулары тарабынан курулган.
Кемелер душмандын суу астында жүрүүчү жана жер үстүндөгү кемелерин аныктоо жана жок кылуу, аскерлердин десанттарын колдоо жана жакынкы деңиз зонасында көйгөйлөрдү чечүү үчүн арналган.



















