Евробиримдик жана анын өнөктөштөрү Сириядагы жарандык согуштун кесепеттерин жоюу жана коңшу өлкөлөргө жардам берүү үчүн дагы 5,8 миллиард евро бөлүүдө.
Бул тууралуу кечээ,17-мартта Брюсселде өткөн донор өлкөлөрдүн конференциясынын жыйынтыгында Жер Ортолук деңиз боюнча Еврокомиссар Дубравка Шуика билдирди.
Анын айтымында, 5,8 миллиард евронун 4,2 миллиард евросу грант түрүндө, 1,6 миллиард евросу насыя түрүндө которулат.
“ЕБ жана анын өнөктөштөрү Сирия жана анын кошуналары үчүн жаңы эле 5,8 миллиард евро убада кылышты. Бул Сирияны критикалык өткөөл мезгилде колдоого алып, жеринде олуттуу муктаждыктарын чечет”, – деп жазды Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кажа Каллас социалдык медиада X баракчасына.
Ал эми Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок менен Германиянын өнүгүү министри Свенья Шульце коңшу өлкөлөрдөгү сириялыктарды жана сириялык качкындарды колдоо үчүн 300 миллион евролук салымын жарыялашты.
Бул Брюсселде өткөн донор өлкөлөрдүн тогузунчу конференциясы 2024-жылдын декабрында Сирияда узак жылдардан бери келе жаткан Башар Асаддын режими кулагандан кийинки биринчи конференция.
Конференцияга Сириянын өткөөл өкмөтүндөгү тышкы иштер министри Асад Хасан аш-Шибани чакырылган.
Эскерте кетсек, Тез жана бекем тынчтыкка болгон үмүт зордук-зомбулуктун жаңы толкуну менен коштолууда. Франс Пресс агенттиги Улуу Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясына (SOHR) шилтеме жасап, 12-мартта Сириянын батышындагы миңдеген карапайым алавиттердин Хмеймимдеги орус авиабазасында баш калкалаганын кабарлады. “Миңдеген карапайым алавиттер Жабле шаарындагы жана анын айланасындагы айылдардагы кыргындан качып, Хмеймим аскер базасына жана анын тегерегине башпаанек табышты”, — деп билдирди агенттик байкоочуларга шилтеме жасап. SOHR билдиргендей, 6-марттан бери Сириянын жаңы бийликтери Латакия, Тартус, Хама жана Хомс провинцияларында бийликтен кулатылган президент Асаддын жактоочулары деп эсептегендерге каршы ири контроперация баштагандан бери 12-мартка чейин 1383 карапайым тургун, көбүнесе алавиттер набыт болду.

















