БУУ АКШнын «Ансар Аллах» (хуситтер) көзөмөлдөгөн Йемен аймактарына жасаган соккуларына тынчсыздануусун билдирип, бардык тараптарды аскердик аракеттерди токтотууга чакырды.
ТАСС агенттигинин маалыматы боюнча, бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик журналисттерге тараткан билдирүүсүндө айтылат.
«Биз АКШ тарабынан хуситтер көзөмөлдөгөн Йемен аймактарына бир нече сокку урулуп, анын натыйжасында каза болгондор жана жабыркагандар бар экенин тынчсыздануу менен белгилеп жатабыз. Ошондой эле, хуситтердин Кызыл деңиздеги кемелерге кайрадан кол салуу коркунучунун уланып жатканына да тынчсыздануудабыз. Биз бардык тараптарды максималдуу түрдө сабырдуулук көрсөтүүгө жана согуштук аракеттерди токтотууга чакырабыз», – деп айтылат билдирүүдө.
БУУ «бул кырдаал мындан ары күчөп кетсе, регионалдык чыңалууну ого бетер күчөтүп, жооп катары жаңы соккуларга түрткү бериши мүмкүн»,- деп эскертип, мындай эскалация Йеменди жана Жакынкы Чыгыш аймагын андан ары дестабилдештирип, өлкөдөгү оор гуманитардык кырдаалга дагы чоң коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгиледи.















