Иран Ислам Республикасынын Чабахар портунда “Деңиз коопсуздук куру – 2025” аттуу деңиз машыгуулары башталды. Ага Ирандын аскер-деңиз күчтөрү, Орусиянын Аскер-деңиз флотунун жана Кытайдын аскер-деңиз күчтөрүнүн кемелеринин отряддары катышууда.
Машыгууга Орусия тараптан “Резкий”, “Герой Российской Федерации Алдар Цыденжапов” корветтери, ошондой эле Тынч океан флотунун «Печенга» орто деңиз танкери тартылган.
Аталган өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрү Инди океанынын түндүгүндө бир нече күн бою экипаждар колго түшүрүлгөн кемелерди бошотуу, деңизде издөө жана куткаруу, деңизде жана абадагы буталарды артиллериялык аткылоо боюнча тапшырмаларды аткарышат.

Иран тарап уюштурган “Деңиз коопсуздук куру – 2025” эл аралык деңиз машыгуулары жетинчи жолу өтүүдө. Алар биринчи жолу 2018-жылы Араб деңизинин акваториясында болгон. Машыгууларга Иран армиясынын деңиз күчтөрү, Орусиянын деңиз флотунун жана Кытайдын деңиз күчтөрүнүн кемелери туруктуу негизде катышууда. 2025-жылы 15ке жакын кемелер, көмөкчү кемелер жана согуштук катерлер, ошондой эле деңиз авиациясынын тик учактары тартылат.
Машыгуунун максаттары деңиз коопсуздугун камсыз кылуу, деңизде каракчылык жана терроризмге каршы күрөшүү, деңиз байланыштарын коргоо болуп саналат.
Трамптын реакциясы
АКШнын президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Орусия, Иран жана Кытай деңиз күчтөрүнүн катышуусунда “Деңиз коопсуздук куру 2025” машыгууларына эч кабатырланбасын билдирди.
Флоридадан Вашингтонго кайтып келе жаткан президенттик учактын бортунда журналисттер Трамптан бул биргелешкен маневрлерге тынчсызданып жатасызбы деп сурашканда, ал “жок” деп жооп берген.
Жообун түшүндүрүүнү суранганда, ал мындай деди: “Анткени биз алардын баарынан күчтүүбүз. Бизде алардын баарынан көбүрөөк күч бар. Мен (америкалык) аскерлерди кайра калыбына келтирдим. Тилекке каршы, (АКШнын 46-президенти Жо) Байден бул жаатта эч нерсе кылган жок, бирок мен армияны кайра курдум”.


















