Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

МИКтин саясаты карапайым калкты үйлүү кылуучу социалдык саясат – Садыр Жапаров

  • Интервью
  • 10.03.2025 09:04

Loading

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) саясаты жөнөкөй жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого багытталганын баса белгиледи.

Мамлекет башчынын айтымында, мурда мамлекеттик ипотекалык кредиттер коммерциялык банктар аркылуу берилчү, бул болсо турак жайдын тартыштыгына жана баанын өсүшүнө алып келип, аны көпчүлүк жарандар үчүн жеткиликсиз кылган. Бул маселени чечүү үчүн мамлекет бюджеттик каражаттардын жана инвесторлордун колдоосу менен көп батирлүү үйлөрдү куруу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууда.

— Саламатсызбы, бул жолу турак жай маселеси боюнча суроолорубузга жооп алсак. Тагыраак айтканда турак жай тартыштыгын жоюу багытында мамлекет кандай кадамдарга барууда? Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) ишмердүүлүгүндөгү өзгөчөлүктөр тууралуу сөз кылсак.

Тема боюнча

Тажикстанда чет элдик жарандарга кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берилет. Бирок бардык аймактарда эмес

Тажикстанда чет элдик жарандарга кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берилет. Бирок бардык аймактарда эмес

26.06.2026

— Саламатчылык, макул.

— Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы түзүлүп 2016-жылы алгачкы ипотекалык насыяларын бере баштаганы белгилүү. Бирок ал кезде компаниянын ишине ичи чыкпагандар көп болду. Бир убакта такыр эле насыя бербей калышты. Азыр да ошондой болуу тобокелдиги жокпу? Сиздер ипотекалык саясатты эмнелерге таянып өзгөрттүңүздөр эле?

— МИК негизинен туура түзүлгөн. Бирок ал кезде ичи чыкпагандар көп болгонунун себеби саясаты туура эмес болгон.

Биринчиден, пайызы абдан жогору болгон. Экинчиден, мөөнөтү абдан кыска болгон, 10 жыл.

Үчүнчүдөн, алдын ала батирдин баасынын 30 пайызын дароо төлөйсүң деген шарт болгон. Мындай шартта карапайым калк менен мамлекеттик кызматта иштегендер батир ала алышкан эмес. Ошол үчүн акыркы убактарда үй алгандар жокко эсе болуп калган. Бюрократия да абдан күч экен. Үй алуу жөнөкөй эмес. Абдан татаалдаштырылган. Ошондуктан карапайым калк же мигрант болуп кеткен же жаңы конуштарга таптакыр шарты жок жер кепелерди салып жашап жүрүшкөн.

Мен 2021-жылы бийлик башына келерим менен дароо тапшырма бердим. Саясатын өзгөрттүм. Убактысын узартып, үй алуу механизмдерин жөнөкөйлөштүрдүм. Албетте, мунун баарын мыйзамдарды өзгөртүү менен бекиттик. Эки жыл убакыт кетти. Мына эми азыр карапайым калк менен мамлекеттик кызматкерлер массалык түрдө үй ала башташты. Ипотеканын мөөнөтү 25 жылга чейин. Алдын ала баланча пайызын төлөйсүң деген шарт жок.

— Ошентсе да Мамлекеттик ипотекалык компанияга сын айткандар да жок эмес. Ошол эле Жогорку Кеңештин депутаттары МИК берген насыя батирдин чарчы метрине коротулган каражаттан кымбатыраак болуп жатканын айтып чыгышты эле?

— «Бышкан ашка сынчы көп» дейт кыргызда. Же балким түшүнбөстүк менен сындап жатышкандыр? Мен депутаттар үчүн эле эмес, жалпы коомчулук үчүн дагы түшүнүктүү болуш үчүн ийне-жибине чейин чечмелеп берейин. Мындан кийин сындагандар болсо аларды түшүнүп туруп эле тескери сүйлөгөндөр деп билсек болот.

Же шектүү шекшинет деген кеп. Мурдакы чоңдордой чөнтөккө иштеген заман жок. Ал заманды унутуш керек. МИКте ким жеке кызыкчылыктарын көздөсө жазаланат.

МИК өзү курулуш кылбайт. Өзү курулуш кылса дайынын таппай калат же бара-бара банкрот болушу мүмкүн. Курулуш өтө оор жана майда-чүйдө иштери көп.

Ошондуктан МИКти курулуш менен алек болууга тыюу салганбыз. Албетте, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде курса болот. Бирок ошондо дагы курулушту толук бүтүрүү жоопкерчилигин жеке компаниянын мойнуна илиш керек.

— Бүгүн МИКтин саясаты кандай?

— Бүгүн МИК “Кыргызкурулуш” мамлекеттик компаниясы жана жеке компаниялар менен бир бааны коюп, курулушту «под ключ» бүтүргөнгө келишим түзүп үйлөрдү салдырып жатат.

Мисалы Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы курулуп жаткан үйлөргө бир чарчы метрин 650 доллардан курдуруп жатышат. Ал эми Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында болсо 700 доллардан курдуруп жатышат. Себеби бул аймактарга арматура жана башка курулуш материалдарын Бишкектен ташып барышат. Ошол үчүн бул аймактарда бир чарчы метри 50 долларга кымбатыраак.

Бул суммага жеке ири курулуш компаниялар макул болбой коюшуп, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик компаниясы менен куруп жатабыз. Дагы 2-3 жеке компанияга суранып жатып курулуш иштерин тапшырдык. Анткени ири курулуш компаниялары «под ключ» 1000 доллардан кем эмес курабыз деп баш тартышты.

— Эмне үчүн жеке курулуш компанияларды жалдап жатабыз?

— Себеби мамлекеттик компания жалгыз жетишпейт. Анткени өлкө боюнча курулуштар массалык түрдө жүрүп жатат. Бир чарчы метрин жогорудагыдай бааларга куруп беребиз деген жеке курулуш компаниялар болсо МИКке келгиле. Курулуш иштерин бергенге даярбыз.

Ал эми эмне себептен элге бул суммадан кымбатыраак берилип жатканын түшүндүрүп берейин. Мисалы, “Мурас” кичи районунда элге 750 доллардан берилди. 100 доллар МИКтин пайдасында калды. Калыш керек. Себеби МИК батир алган элди 25 жыл бою тейлейт, жумушчуларга эмгек акы берет, инфляция болот дегендей. МИКтин мындай үстүнө кошуусу үйлөрдүн жайгашкан райондоруна жараша болот. Мисалы, Бишкекте «золотой квадратта, престиждүү» райондордо болсо, албетте, 750 эмес андан кымбат болот.

Эми батирдин жарымын төлөп жарымын 15 жылга алгандарга токтолоюн.

Бул программа кезекте тургандарга тиешеси жок. Өзүнчө программа.

Мисалы, бош жаткан жерге нөлдөн баштап батирлер салына баштайт. Ал батирлерди 50 пайызын алдын ала төлөгөндөр алат. Төлөнгөн акча кайра ошол эле батирлерди курууга жумшалат. Батирлердин баасы жогоруда айтканымдай үйлөрдүн жайгашкан райондоруна жараша болот. Бирок баары бир жеке курулуш компаниялардын баасынан ылдый болот. Мисалы, Бишкектин «престиждүү» райондорунда жайгашкан жеке компаниялар бүгүнкү күндө бир чарчы метрин ремонту жок (под ключ эмес)

2000 миң доллардан сатып жатышат. Ал эми МИК болсо дал ошондой эле батирлерди батирдин жарымын алдын ала төлөгөндөр үчүн 1400 доллардан «под ключ» берип жатат. Кезекте турган социалдык муктаждарга мындан да ылдый баада берилет. Ошол үчүн МИКтин саясаты карапайым калкты үйлүү кылуучу социалдык саясат.

— МИК массалык түрдө үлүштүк негизде ипотека бергенден улам бюджеттик кызматта кезекте тургандардын кезеги жылбай жатат деген да нааразы пикир бар.

— МИКтин башкаруу системасы толук санариптешкен. Кезекте тургандар онлайн түрдө өз кезектерин карап турушат. Эч ким бирөө-жарымды секиртип барып алдына коюп коё албайт.

Финансылык көзөмөл да электрондошкон. Эч ким акча уурдай албайт. Уурдаса баары бир кийин көрүнүп калат.

Кезекте тургандарга айтарым, бир аз чыдап тургула. Курулуп жаткан үйлөр жакын арада массалык түрдө бериле баштайт. Ошондо 5-10дон алдыга жылбайсыңар. Миңдеп жыласыңар. Миңдеген кезекте тургандарга бир күндө батирлер берилет. Жөнөкөй тил менен айтсам «оптом» жыласыңар.

— МИКтин турак жай программасынын шарттары жакшырары менен андан батир алууну каалагандардын катары да кескин көбөйдү. Мамлекетте жакынкы келечекте үйлөрдү салуу планы кандай?

— Пландар жогорку деңгээлде, амбициялуу.

Бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы бир миллиард долларга жетип калды. 2027-жылга чейин 1,5 миллиард долларга жетет. Бул эзели түшкө кирбеген сумма.

МИК бардык кичи шаарларга, бардык райборборлорго көп кабаттуу үйлөр салынып бүткөндөн кийин айылдарга киришет. Кимде ким жаңы үй салабыз же эски үйлөрүн жаңылайбыз дешсе эски үйлөрүн бузуп салып, жаңы үйлөрдү салып беришет. Мөөнөтү 25-30 жыл. Келечектеги пландар мына ушундай.

Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: МИКпрезидент С. Жапаровтуракжай
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Президенттин атынан журналисттерге батирлердин ачкычтары тапшырылды

Президенттин атынан журналисттерге батирлердин ачкычтары тапшырылды

27.06.2026
Тажикстанда чет элдик жарандарга кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берилет. Бирок бардык аймактарда эмес

Тажикстанда чет элдик жарандарга кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берилет. Бирок бардык аймактарда эмес

26.06.2026
С. Жээнбеков кызматтан эмнеге кеткен? Өзүнүн жообу

С. Жээнбеков кызматтан эмнеге кеткен? Өзүнүн жообу

22.06.2026
Казакстанда турак жай баалары төмөндөй баштады

Казакстанда турак жай баалары төмөндөй баштады

06.05.2026
Президент Д. Ажиевге эмнеге ырайым берип, ал түрмөдөн тик учак менен учуп кеткендигине комментарий берди

Президент Д. Ажиевге эмнеге ырайым берип, ал түрмөдөн тик учак менен учуп кеткендигине комментарий берди

06.03.2026
Депутат Т. Айтиев жарандардын жер тилкеге болгон укугун кайрадан көтөрдү

Депутат Т. Айтиев жарандардын жер тилкеге болгон укугун кайрадан көтөрдү

06.02.2026
Мектеп жана ипотека: Элдик курултайда эң көп көтөрүлгөн маселелерге президент кенен жооп берди

Мектеп жана ипотека: Элдик курултайда эң көп көтөрүлгөн маселелерге президент кенен жооп берди

06.01.2026
Садыр Жапаров: Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилбейт

Садыр Жапаров: Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилбейт

30.11.2025
Сот чечимине кийлигишпейбиз. Президент Кой-Таш окуясына карата чыккан сот өкүмүнө пикирин билдирди

Сот чечимине кийлигишпейбиз. Президент Кой-Таш окуясына карата чыккан сот өкүмүнө пикирин билдирди

04.06.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.