Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Президент С. Жапаров өлкө айымдарын Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

  • Башкы жаңылыктар
  • 08.03.2025 10:17

Loading

Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Ардактуу асылзат апалар!

Тема боюнча

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026

Ажарлуу эже-карындаштар!

Кыргызстандын кымбаттуу айымдары! Сиздерди жаз чакырган жаркын майрам – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Бул күн – аялзатынын үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо менен келечек муунду тарбиялоодогу ордун жана коомдун өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымын баса белгилөөчү күн!

Эзелтен эле кыргыз эли аялзатын ажарлуу эже-карындаш, сүйүктүү жар, эң башкысы теңдеши жок мээримдүү эне катары баалап-барктап, урматтап-сыйлап келишкен. Бүгүнкү күндө да Кыргызстан туруктуу өнүгүүнүн өбөлгөсү болуп саналган аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана гендердик теңчилик принциптерин бекем карманат.

Кыргыз коомчулугунда аялзаты үйдүн куту, коломтонун ээси гана болбостон, билим, илим, маданият, экономика, саясат жана жаңы технологияларды өнүктүрүүдө дагы өзгөчө орунду ээлейт.

Айымдар – коомубуздун ажырагыс бөлүгү гана эмес, анын кыймылдаткыч күчү. Азыркы тапта ар тармактагы мекемелерди, ишканаларды ийгиликтүү жетектеп, инновациялык стартаптарды өнүктүрүп, Кыргызстанды эл аралык майданга таанытып, мамлекеттик башкарууга жана коомдун ишмердүүлүгүнө жигердүү катышкан кыз-келиндерибиз арбын.

Өлкөбүздө аялдардын экономика, саясат жана коом турмушуна батыл аралашуусун камсыз кылууга багытталган 2030-жылга чейин аялдар лидерлигин илгерилетүү боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылууда. Программанын алкагындагы иш-аракеттер кыргыз айымдарынын дараметин ачуу, алардын экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөө жана карьералык жактан өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Быйыл биз Кыргызстан аялдар кыймылынын 100 жылдык мааракесин сыймыктануу менен белгилегени турабыз. Маараке аркылуу кылым кыйырындагы кыргыз аялдарынын коомдук турмуштун бардык тармагындагы ири жетишкендиктерин даңазалайбыз.

Кымбаттуу айымдар!

Сиздерге тиешелүү мээримдүүлүк менен камкордук, акылмандык баам-парасат Кыргызстандын туруктуулугу менен өнүгүп-өсүшүн шарттайт. Мына ушундай асыл сапаттарыңыздар менен күн сайын өзгөрүп жаткан жаңылануу доорунда сиздердин ордуңуздар бийик. Келечек муунду тарбиялоодо, жаштарды турмуш жолунда ар кандай оош-кыйыштарды жеңип өтүүгө даярдоодо, ата-бабадан калган салт-санааны жайылтууда даанышмандыктын булагы катары сиздердин опол тоодой эмгегиңиздердин аркасында эртеңки коомубуз калыптанат жана өнүгөт.

Ошондуктан бүгүнкү майрам күнү мен сиздерге эң оболу бекем ден соолук, аялзатына тиешелүү бакыт-таалай каалайм.

Ар бир күнүңүздөр кубаныч, эргүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартууласын! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!»

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: 8-март8-март - аялдардын эл аралык күнүгендердик теңдикС. Жапаров
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026
С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026
 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

24.07.2026
К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026
С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

12.06.2026
С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

05.06.2026
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

04.06.2026
 С. Жапаров ЕАЭБ жыйынында ЖИнин мамлекетти башкаруудагы орду тууралуу айтты

 С. Жапаров ЕАЭБ жыйынында ЖИнин мамлекетти башкаруудагы орду тууралуу айтты

29.05.2026
С. Жапаров М. Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөштү

С. Жапаров М. Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөштү

26.05.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.