Муфтият быйыл “Кадыр түн” 27-мартка караган түнү боло турганын билдирди.
Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги жазды.
Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.
Бул түндө шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис маселелеринен баяндар окулуп, “Кадыр түн” тоскондор таң атканча уктабастан, дуба кылышат.
“Кадыр түн” тоскон мусулмандар таң аткыча уктабайт.
Эркектер мечитте, аялдар үйдө өткөргөнү жакшы экенин диний адисттер айтып келишет. Ошол эле маалда бул ыйык түндү жалгыз деле тоссо болот.
Быйыл Орозо айы 1-мартта башталып, 29 күнгө созулат.
Ооз ача турган жана ооз беките турган убак ар аймакта ар башка. Орозо кармоонун календарын буга чейин Муфтият бекиткен.



















