Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников азыркы экономикалык шарттарда эмгек рыногун толтуруу үчүн Орусия Федерациясына эмгек мигранттарын тартуу үчүн жаңы мамлекеттерди карап чыгуу зарыл деп эсептейт.
Бул боюнча ал Мамлекеттик Думанын экономикалык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди деп жазат ТАСС агенттиги.
«Баардык өнүккөн өлкөлөр эмгек мигранттарын жигердүү тартып жатышат. Дагы бир жагдай, биз мигранттарды тартууга көнүп калган өлкөлөргө гана көңүл бурбастан, балким биз таптакыр жаңы өлкөлөрдү карашыбыз керек. Себеби дүйнөдө активдүү, токтоо жана аң-сезимдүү түрдө эмгек ресурстарын экспорттогон көптөгөн өлкөлөр бар. Биз да буга даяр болушубуз керек», – деди Максим Решетников.
Ошол эле учурда ал мигранттарды тартууга көнүп калган өлкөлөргө гана көңүл бурбай, жаңы өлкөлөрдү карашыбыз керек деген пикирин кошумчалады.
«Биз алар менен да бул маселени талкуулап жатабыз», – деген министр, Мьянма делегациясы Орусияда иш сапары менен жүргөнүн билдирди.
“Тиешелүү министрликтер менен эмгек мигранттарын тартуунун моделин иштеп жатабыз – бул оңой маселе эмес. Ошол эле учурда биз миграцияны компетенттүү жөнгө салмайынча алдыга жылып, эмгек рыногун толтуруу абдан кыйын болорун так түшүнүп жатабыз жана бул нерселерди ачык карап, талкуулашыбыз керек”, – деди министр.
Эске сала кетсек, Орусия эмгек мигранттарына карата бир катар катаалдаштырган мыйзамдарды кабыл алып, жыл башынан бери күчүнө кирди. Анда мигранттарды текшерүү үчүн укук коргоо органдарына бир катар артыкчылыктар берилген.




















