Иорданиянын падышасы Абдулла II өлкө парламентинин туруктуу комитеттеринин жетекчилери менен жолугушууда палестиналыктарды Газадан башка жерге көчүрүү пландарына каршы экендигин дагы бир жолу билдирди.
Иорданиянын падышасы муну менен өз өлкөсүнүн палестиналыктардын жер которуусуна каршы позициясын кайталады.
Ал АКШнын колдоосу менен Израиль жасаган кыргындан кийин талкаланган Газа тилкесин кайра куруу зарылдыгын белгиледи.
Абдалла II Иордания парламентинин туруктуу комитеттеринин жетекчилери менен болгон жолугушуусунда бир катар ички жана аймактык маселелерди талкуулап, Газадагы кооптуу абалга, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги чыңалуунун күчөшүнө, Сирия менен Ливандын туруктуулугун колдоо маселелерине токтолду.
Ал жакында АКШга жасаган сапарынын жана Эр-Рияддагы саммитке катышуусунун жыйынтыктарына токтолду.
Буга чейин Иорданиянын падышасы Абдулла II АКШнын президенти Дональд Трамп менен Вашингтондогу жолугушуусунда Газа тилкесинен палестиналыктарды көчүрүү идеясына караманча каршы экенин айткан.
“Мен Газа тилкесинде жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде жашаган палестиналыктарды көчүрүүгө каршы Иорданиянын бекем позициясын ырастадым. Бул бирдиктүү араб позициясы”, – деген ал.
Кийинчирээк ал X социалдык тармагындагы баракчасына палестиналыктарды көчүрбөстөн Газаны кайра куруу жана оор гуманитардык кырдаалды чечүү ар бир адам үчүн приоритет болушу керектигин жазган.
“Эки мамлекет чечимине негизделген адилеттүү тынчтыкка жетишүү – аймактык туруктуулукта камсыз кылуунун жолу”,-деген Абдулла II.
АКШнын президенти Дональд Трамп 5-февралда Газа жашоого мүмкүн болбой калган жайга айланганын айтып, анын тургундарын араб өлкөлөрүнө, анын ичинде Иордания менен Египетке көчүрүүнү сунуштаган. Трамп АКШ Газа тилкесин “көзөмөлгө аларын” жана аймактагы реконструкция иштерине, ошондой эле аны бүткүл дүйнө үчүн “Жакынкы Чыгыш ривьерасына” айландырууга жооптуу болорун айткан. Ал ошондой эле АКШ өз армиясын Газага жөнөтө аларын четке какпай, тилкеге жеке өзү барарын убада кылган.

















