Өзбекстан менен Ооганстан Хайратондон Гератка темир жол куруу боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары маалымдады.
Андагы маалыматка ылайык, курулуш 10 күндүн ичинде башталат.
“Талибандын” башкы министринин орун басары Абдул Гани Барадар 23-февралда Өзбекстан менен Хайратон-Герат темир жол долбоору боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялаганын amu.tv кабарлады.
Өзбекстандагы эки күндүк иш сапарынан кийин Барадар журналисттерге билдиргендей, курулуштун техникалык-экономикалык негиздемеси аяктагандан кийин 10 күндүн ичинде башталышы пландалууда.
Маалыматка караганда, Барадардын Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында талиптердин делегациясы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана анын орун басары Жамшид Ходжаев менен жолугушту.
Негизги талкуулар соода, энергетика, авиация, айыл чарба жана инфраструктурага тиешелүү болду.
Долбоорду алгачкы техникалык баалоо боюнча чыгымдарды Өзбекстан көтөрөт. 2010-жылы долбоордун биринчи этабында Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен Хайратон менен Мазари-Шарифти бириктирген 75 чакырымдык темир жол линиясы курулган.
Пландаштырылган кеңейтүү Мазари-Шарифти Герат менен бир нече провинциялар аркылуу байланыштырат. Долбоор Борбордук Азияны Жакынкы Чыгыш менен байланыштырган стратегиялык маанилүү транспорт коридорун түзөрү күтүлүүдө.
Телеканал маалымдагандай, 2018-жылы Өзбекстан жолду кеңейтүүнү жарым-жартылай каржылоого даяр экенин билдирген. Хайратон – Ооганстандын эң маанилүү дарыясы жана чек ара түйүнү. Шаар ооган-өзбек чек арасында жайгашкан.

















