Быйыл битир садага 80 сомдон башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, орозо айында берилүүчү зекет 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар.
Бул базар баасы менен алганда бир адамга 80 сомдон эсептелет. Буудайдан тышкары ун, мейиз, арпа, курманын баасы менен берсе да болот. Битир-садаганы мусулмандар өз каалоосу менен мечиттерге же муктаж адамдарга бере алат. Эскерте кетсек, быйыл Орозо айы 1-мартта башталат.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эми зекет, битир-садага төлөмдөрүн электрондук капчык аркылуу кабыл алат.
Бул эреже муфтияттагы каржы ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүүнү кымсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.
Мындан тышкары, ушул жылдын апрелинен тарта бардык имамдарга стипендия төлөнө баштайт.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров мындан ары ар бир мечитте битир-садага чогултууга QR-коддор коюлуп, каражат муфтияттын эсебине түшө турган система түзүлөрүн билдирген.



















