Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Р. Машрапов: рэкетчиликтен эч кандай философия издөөнүн кереги жок

  • Интервью, Маданият
  • 21.02.2025 16:18

Loading

Казакстандык режиссёрлор тарабынан тартылган “Рэкет” тасмасы Кыргызстандын баардык кинотеатрларында прокаттан алынышы коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Айрымдар жакында эле өлкөбүздүн ар кайсы мектептериндеги мектеп окуучуларынын арасындагы рекетчиликтен улам бычакташуу, ал тургай айрым окуучулардын өлүмү менен аяктаган окуучулар элдин үрөйүн учуруп турганда, бандитизмди пропагандалоонун кереги жок дешүүдө.

Мындан тышкары аталган тасманы көрсөтүүгө тыюу салынышын казак кинорежиссёрлорунун маркум “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уулу менен жолугуусуна да байланыштыргандар болууда. Биз жагдайдын чыныгы себеби эмне болушу мүмкүн экендиги тууралуу журналист, кинорежиссёр Руслан Машраповго кайрылдык.

– Руслан мырза, Сиздин да “Рэкет” тасмасынын Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салынышынан кабарыңыз болсо керек. Өлкөбүздүн маданият министрлиги эмнеге мындай чечим кабыл алды деп ойлойсуз?

Тема боюнча

Францияда Канн кинофестивалы башталды: 2026-жылдын негизги премьералары

Францияда Канн кинофестивалы башталды: 2026-жылдын негизги премьералары

12.05.2026

– Ооба, “Жаңы доор” фильминин прокаттык күбөлүгү “Кыргыз тасмасы” мамлекеттик концерни тарабынан кайтарылып алынгандыктан, бардык кинотеатрларда көрсөтүүдөн алынды. Бул эми кеч болсо да туура чечим болду деп ойлоймун. Бирок аталган тасмага уруксат берүүдөн мурда тиешелүү жетекчилер дыкат көрүп, иликтеп, анан бир чечимге келишсе болмок.

Себеби өткөн жумада эле алгач Бишкектеги №72 мектепте 9-класстын окуучусунун мектеп рекетчилигинин айынан жогорку класстын окуучусу тарабынан токмоктолуп, тилекке каршы ооруканада он күндөй дарыланып, өзүнө келбей каза болгондугу, мындан тышкары Өзгөн районундагы мектеп окуучуларынын бычакташкандыгы жана башка окуялар кыргыз коомчулугунун үрөйүн учуруп турганда, бул фильмди көрсөтүү отко май чачкандай эле болуп калды. Балким, “Рэкет” тасмасын тарткан казак режиссёрлору коомчулукту тарбиялоону көздөшкөндүр, бирок “рэкет” деген сөздүн өзү эле тескери тарбия болуп саналат.

Андыктан бул чечимдин себептери расмий түрдө жарыяланбаса да, Кыргызстанда бандиттик идеологияны даңазалап, пропагандалаган фильмдерди көрсөтүүгө тыюу салынган деп түшүнүүгө толук негиздер бар.

– Аталган тасманы тарткан казак режиссёрлору маркум  Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн “аталыгы” аталган Камчы Көлбаевдин уулу менен жолугушкандыгына жана ал жолугушуунун видеосунун социалдык тармактар аркылуу коомчулукка таркап кетишин кандай баалайсыз?

– Бул жагы да алдын ала ойлонулбай жасалган өтө орой катачылык болуп калыптыр. Балким, ал баланын маркум атасынын кылмыштары үчүн тиешеси жоктур. Анткен менен казак киночуларынын аны менен жолугуп, ошол жолугушуунун видосун интернеттен таратып жибериши биздин өлкөнүн азыркы жетекчилиги тарабынан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшкө түз бобосо да кыйыр түрүндө сокуу уруу болуп саналат.

Чындап эле акыркы эки жылдан бери өлкөбүздө криминалдык топторго каршы саясат жана жүргүзүлүп жаткан аёосуз күрөштү эске алганда, мындай чечим орундуу жана күтүлгөн иш болчу.

-Анда эмне үчүн өлкөбүздүн тиешелүү жетекчилиги бул тасманы көрсөтүүгө уруксат берип коюшкан?

-Бул алардын өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасагандыгы. Акыркы окуялар көрсөткөндөй, өспүрүмдөр арасындагы рекетчиликтен курмандыктар катталганына апта айланбай, коомчулукту сестентип турган чакта Кыргыз Республикасынын Маданият, спорт жана жаштар саясаты министирлигинине караштуу кино саясатын, анын ичинде кино прокатты көзөмөлдөгөн мамлекеттик мекеме “Кино департаментинин” кетирген чоң катасы болду.

Албетте, бул ишке министирликтин мамлекет жана коомчулук астында моралдык жоопкерчилиги бар экенин айтпасак деле белгилүү.

Бандитизм менен рекетчиликтен эч кандай философия издөөнүн кереги жок жана бул көрүнүштү “романтика” деп эсептеген убакыт өткөн.

Буга кошуп ар кандай жеңил-желпи, тарбиялык маанисиз, жаш муундарга руханий азык тартуулаган эстетикасы жок улуттук өзгөчөлүктөрдү тебелеп-тепсеген кино фильмдерди көрсөтүүгө тыюу салуунун учуру эчак бышып жеткенин эске салгым келет.

“Кино департаменти” анын ордуна өзүбүздүн эле залкар кинорежиссёрлор тарткан мааниси терең, тарбиялык жактан да маанилүү, улуттук нарк-насил менен каада-салтты даңазалаган фильмдерди көрсөтүшсө болмок. Азыр ансыз деле балдарыбыз менен жаштарыбыз интернет аркылуу ар кандай аң-сезимди талкалаган терс тасмаларды көрүп, башка нукка түшүп кетүүдө. Сөзүмдүн акырында айтарым, кинонун балдар менен өспүрүмдөрдү тарбиялоодогу мааниси өтө чоң. Андыктан мамлекетибиз бул жагына көңүл бурушу керек.

Маектешкен Эмилбек Момунов

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: "Рэкет" тасмасыкиноМаданият министрлиги
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иран менен Россия биргелешип кино тартуу боюнча  меморандумга кол коюшту

Иран менен Россия биргелешип кино тартуу боюнча меморандумга кол коюшту

28.09.2026
Францияда Канн кинофестивалы башталды: 2026-жылдын негизги премьералары

Францияда Канн кинофестивалы башталды: 2026-жылдын негизги премьералары

12.05.2026
У. Ажибаев: “Кинолорум Ирандагы фестивалдарга катышса жакшы болмок”

У. Ажибаев: “Кинолорум Ирандагы фестивалдарга катышса жакшы болмок”

25.02.2026
«Периштелер жери» 44-Фажр кинофестивалында баш байгеге ээ болду

«Периштелер жери» 44-Фажр кинофестивалында баш байгеге ээ болду

16.02.2026
Москвада Жусуп Абдрахманов тууралуу тарыхый фильм тартылууда

Москвада Жусуп Абдрахманов тууралуу тарыхый фильм тартылууда

31.01.2026
Кыргыз делегациясы Иранда өткөн “Фажр” эл аралык кинофестивалына катышты

Кыргыз делегациясы Иранда өткөн “Фажр” эл аралык кинофестивалына катышты

12.12.2025
Иран «Өлүмдүн себеби белгисиз» тасмасын 2026-жылдагы «Оскардын» «Эң мыкты эл аралык көркөм фильм» номинациясына көрсөттү

Иран «Өлүмдүн себеби белгисиз» тасмасын 2026-жылдагы «Оскардын» «Эң мыкты эл аралык көркөм фильм» номинациясына көрсөттү

19.09.2025
Израилдик кино компаниялары менен кызматташуудан баш тарткан атактуулардын саны 4 миңден ашты

Израилдик кино компаниялары менен кызматташуудан баш тарткан атактуулардын саны 4 миңден ашты

12.09.2025
Маданият министрлигине 72 даана көп орундуу унаалар тапшырылды

Маданият министрлигине 72 даана көп орундуу унаалар тапшырылды

19.07.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.