АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Азиянын бир катар өлкөлөрүнөн, анын ичинде Өзбекстандан келген мигранттарды Панамага депортациялады.
Бул тууралуу Панаманын президенти Хосе Рауль Мулино ТВН телеканалы көрсөткөн жумалык маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка караганда, АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн учагы 12-февраль кечинде Калифорниядан учуп чыккан. Учакта 119 киши, анын ичинде Өзбекстан, Ооганстан, Кытай, Индия, Иран, Пакистан жана Түркиядан келген үй-бүлөлөр болгон.
“Америка Кошмо Штаттары менен кызматташуу программасы аркылуу күн мурун ар кайсы улуттагы 119 адам АКШнын Аскердик Аба күчтөрүнүн учагы менен Хогвартс аэропортуна келишти”, – деди Мулино.
Панаманын президенти ошондой эле жакында өлкөгө дагы эки рейс коно тургандыгын жана Кошмо Штаттар бул үч рейс менен Панамага бардыгы болуп 360 кишини жибере тургандыгын билдирди.
Анын айтымында, учурда мейманканада жайгашкан мигранттар жакында Колумбия менен чектеш Дарьен провинциясынын Сан-Висенте шаарына жеткирилет, ал жерден алар АКШ каржылаган каттамдар менен келип чыккан өлкөлөрүнө репатриацияланат. Процесс БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюмунун көзөмөлүндө жүрүп жатат.
Дональд Трамп бийликке келгенден бери АКШ мыйзамсыз иммигранттарды массалык түрдө депортациялай баштады. Трамп бир нече жолу иммиграция саясатын катаалдаштырууну жактап келген. Ал мыйзамсыз иммигранттарга каршы Американын тарыхындагы эң чоң депортациялоо операциясын жүргүзүү ниетин билдирген. 20-январда республикачыл АКШ менен Мексиканын чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялоо тууралуу буйрукка кол койгон. АКШнын Ички коопсуздук департаменти Чикаго, Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Денвер, Майами, Сиэтл, Остин сыяктуу ири шаарларда жана башка ондон ашык мегаполистерде мигранттарга каршы рейддерди өткөрүүдө.
25-январда америкалык үч аскердик учак Гватемалага депортацияланган 265 адамды жеткирген. Депортациялык рейстер Колумбияга да жүргүзүлгөн.
Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери 4745тен ашуун адам депортацияланган.















