Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасы чет элдик жарандар үчүн өлкө аймагына кирүү салыгын алууну сунуштаган мыйзам долбоорун четке какты.
Бул сунушту “Справедливая Россия – За правду” фракциясынын депутаттары киргизишкен.
Алар “Россия Федерациясына чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсү” жана “Россия Федерациясынан чыгып кетүү жана кирүү тартиби” жөнүндө мыйзамга, ошондой эле Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташкан.
Бул нормага ылайык, Россияга виза албай келген чет элдик жарандарга же жарандыгы жок адамдарга кирүү салыгын төлөбөсө, өлкөгө кирүүгө уруксат берилбейт деп каралган.
Долбоордун авторлору өздөрүнүн түшүндүрмө сөздөрүндө, бул салык “чегерилген мыйзамды бузган чет элдик жарандарды депортациялоо чараларын аткаруу үчүн бюджетке болгон жүктөмдү азайтууга жана кошумча киреше булагын түзүүгө” арналгандыгын белгилешкен.
Бирок, мыйзам долбоорлору Мамдуманын Бюджет жана салык комитети менен КМШ боюнча комитеттери тарабынан колдоого алынган эмес.


















