Американын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында санитардык авиациянын учагы турак жайлардын үстүнө кулап, кырсык болгон жерде өрт чыкты. Бул тууралуу CBS телеканалы билдирди.
Санитардык авиацияга таандык Learjet 55 бир бейтап менен Спрингфилдге бара жаткан. Учакта алты адам болгон: эки учкуч, эки дарыгер, бир бейтап жана анын тууганы.
Учак учуп чыккандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин Рузвельт соода борборунун жанына кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен бир нече үй жана унаалар күйүп, газ түтүгү жабыркап, өрт ого бетер күчөгөн.
Полиция кыйраган жерде бир нече адам жабыркаганын билдирди, бирок учактагылардын абалы тууралуу эч кандай маалымат жок. Учурда учак кырсыгынын себептери иликтенүүдө.



















