31-январда тогуз өлкө палестиналыктардын укуктарын коргоо үчүн “Гаага тобун” түзгөнүн жарыялашты. Ага Түштүк Африка, Малайзия, Намибия, Колумбия, Боливия, Чили, Сенегал, Гондурас жана Белиз кирди.
Бул тууралуу Намибиянын юстиция министри “Al Jazeera” телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул топту түзүүнүн максаты – Палестинаны жана анын элинин өз тагдырын өзү аныктоо укугун колдоо болуп саналат.
«Гаага тобу дүйнөлүк системаны Палестина маселесине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн колдонууну көздөйт», – деди Намибиянын юстиция министри.
Аталган топ Израилдин эл аралык укук бузууларына каршы укуктук, дипломатиялык жана экономикалык чараларды координациялоо үчүн “Progressive International” эл аралык саясий уюму тарабынан уюштурулган жыйынга катышуу үчүн Гаагада чогулушкан.
“Гаага тобу” Израилдин Палестина мамлекетин оккупациялоосун токтотуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга жана Палестина элинин өз тагдырын өзү чечүүгө ажырагыс укугун, анын ичинде көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү боюнча укугун ишке ашырууну колдоого чечкиндүү экенин билдиришти.
Тогуз өлкө Эл аралык кылмыш сотунун өтүнүчтөрүн колдоого жана Рим статутундагы милдеттенмелерин аткарууга ниетин билдиришти.
Эске салсак, Түштүк Африка мамлекети 2023-жылдын 29-декабрында БУУнун Гаагадагы Эл аралык сотуна арыз менен кайрылып, Израилди Газа секторунда палестиналыктарды геноцид кылып жатат деп айыптап, согуштук аракеттерин токтотуу талабын коюуну өтүнгөн.
Андан улам БУУнун Эл аралык соту 26-январда Түштүк Африканын арызы боюнча баштапкы чечимин жарыялап, анда Израиль Газадагы геноцид аракеттерин алдын алуу үчүн болгон чараларды көрүүгө, андай аракеттерге тиешеси барларды жазалоого жана анклавдагы гуманитардык кырдаалды жакшыртууга милдеттендирилген.
Израиль өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.
Кийинчирээк Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого ордер чыгарган. Алар адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмышы үчүн айыпталууда. Аларды кармоону соттун прокурору Карим Хан талап кылган.
Израил бул соттун юрисдикциясын тааныбай турганын билдирген. Сот аны таануу зарылчылыгы жок экенин маалымдаган.
















