Казакстандын Алматы шаарында Digital Almaty 2025 эл аралык форум 7-жолу өтөт.
Бул форум 31-январдан 1-февралга чейин белгиленип, 40 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.
Кеңири масштабдуу иш-чарага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, эксперттер, жер казынасын пайдалануучулар, бизнестин жана IT индустриясынын өкүлдөрү катышат.
Бул маалыматты 24KZ агенттиги жазды.
Аталган форумдун катышуучулары жасалма интеллекттин келечегин жана санариптик келечекти талкуулашып, ошол эле маалда панелдик талкуулар пландаштырылат.
Digital Almaty өнөр жай экосистемасына, экономикага, каржыга, ESGге, медицинага, билим берүүгө жана киберкоопсуздукка AI интеграциясы темасын камтыган кеңири бизнес программасын тартуулайт.
Форумда өндүрүштү өзгөртө ала турган AI чечимдери, анын ичинде акылдуу фабрикаларды өнүктүрүү, бизнести модернизациялоо жана автоматташтыруу сунушталат.
Бул форумга Кыргызстандан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышарын өкмөттөн билдиришти.
Билдирүүгө караганда, А. Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышып, Digital Almaty-2025 санариптик форумунда сүйлөйт. Андан кийин бир катар өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү пландалууда.



















