Түркиядан Бишкекке 12 метрлик газ менен жүрүүчү IZUZU үлгүсүндөгү 43 жаңы жүргүнчү автобустардын үчүнчү партиясы келди. Мынданы тышкары дагы 25 автобус келээри күтүлүүдө.
Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, Isuzu автобустары жаратылыш газы менен жүрөт. Ар бир автобус 85 жүргүнчүнү ташууга ылайыкталган.
Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн төмөнкү кабаттуу пандустар каралып, кош бойлуу аялдар жана карылар үчүн атайын жайлар да бар.
Автобустар камералар, кондиционер жана телефонду кубаттоочу порттор менен жабдылган.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрь айында 14 автобус алынып келинген.
Автобустарды сатып алуу Германиянын KfW өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып жатканын мэрия ошол мезгилде кабарлаган.
Аталган автобустар борбордук эски Ала-Тоо аянтына тизилип, бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев шаар бийлигинин коммуналдык кызматтары үчүн алынган башка техникалардын катарында көрүп чыкты.




















