АКШ өкмөтү президент Дональд Трамптын иммиграция саясатын катаалдаштыруу боюнча жаңы чаралардын алкагында Мексиканын түштүк чек арасына 1500 аскер жана кошумча күч жөнөтөт. Бул тууралуу Пентагондун башчысынын милдетин аткаруучу Роберт Салессес билдирди.
“АКШнын Коргоо министрлиги түштүк чек арага 1500 аскерин, ошондой эле кошумча аба жана чалгындоо каражаттарын жөнөтүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Алдыдагы 24-48 сааттын ичинде физикалык тоскоолдуктарды орнотуу жана башка чек ара миссияларын аткаруу үчүн алгач кошумча аскерлер тартыла турганы айтылды.
Бул күчкө 1000 жоокер, ошондой эле Түштүк Калифорнияда мурда запаста болгон 500 деңиз жөө аскерлери кирет.
Салессес аймактагы 2500 аскерди эске алганда, кошумча 1500 аскер Трамп кызматка киришкенден бери жердеги катышуусун 60% га көбөйтө турганын баса белгиледи.
Буга чейин АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп “Америка Кошмо Штаттарына келгиндердин мыйзамсыз киришин токтоосуз жана толук токтотууну камсыз кылуу”үчүн өлкөнүн түштүк чек арасына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон.


















